Чолпон айылында жайкы “Жайлоо” бала бакчасы уюштурулуп, бир айдан бери иштеп жатат. Бул демилгеге айылдагы беш бала бакча катышып, ар бири жумасына бирден кезектешип иш алып барууда. Максат — балдарга жайкы эс алууну пайдалуу жана салт-санаага бай формада өткөрүү болуп саналат.
Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында жайкы «Жайлоо» бала бакчасы беш бала бакчанын биригиши менен уюштурулган.

Назгүл Асанкожоева, «Нур Чолпон» бала бакчасынын жетекчиси:
«Июнь айынын башында беш бала бакча биригип, «Жайлоо» бала бакчасын ачтык. Ар бир бала бакча жумасына бирден кезектешип иштейт. Бул демилге баарына жагууда. Балдар кызыктуу оюндарга катышууда, таза абада шахмат ойношот, кыргыз салттарын үйрөнүшөт. Курут, сүзмө сыяктуу азыктардын келип чыгышын билишүүдө. Боз үй тигилип, анын ички жасалгасы жасалды. Максатыбыз — балдар ата-бабалардын жашоо образын унутпай чоңойсо дейбиз. Тарбиячылар да чоң салым кошуп жатышат», — деди.

Методист Анипа Асанбековнанын айтуусунда «Бул — балдар үчүн маанилүү иш. Салт-санаабызды жана ата-бабаларыбызды унутпай чоңойушат. Тарбиячылар да мыкты даярданган. Балдар да активдүү катышууда»

Жайкы бакчада өспүрүмдөр саламдашуу, ырдоо, бийлөө сыяктуу көндүмдөрдү да үйрөнүшүүдө.
Элман Адылбеков.