“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Курман айт майрамында балдар үчүн майрамдык иш-чара уюштурулду

10 Июнь 2025 жыл 14:20
Көрүүлөрдүн саны: 95

7-июнь күнү Курман айт майрамына карата Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында өзгөчө майрамдык иш-чара уюштурулду. Айылга атайын батут жана балмуздак аппараты алып келинип, балдар үчүн жагымдуу майрам тартууланды.

Курман айт майрамынын урматына Чолпон айылында жаш балдар үчүн көңүлдүү иш-чара өткөрүлдү. 7-июнь күнү айылга атайын батут жана балмуздак аппараты алып келинип, майрамдык маанай тартууланды. Бул иш-чара айыл тургундары тарабынан жылуу кабыл алынып, айрыкча кичинекей балдарга унутулгус күн болду.


Иш-чаранын негизги демөөрчүсү — «Аль-Ихлас» кайрымдуулук коому. Уюмдун мүчөсү Чынгыз Ишеновдун айтымында, мындай иш-чараны өткөрүүнүн негизги максаты — Курман айт майрамын даңазалоо жана айылдагы балдардын эстутумунда жакшы таасир калтыруу болгон.
“Мен Чолпон айылынын тургуну жана ‘Аль-Ихлас’ кайрымдуулук коомунун мүчөсүмүн. Бүгүн ушул коом аркылуу балдарга майрам уюштуруп берип жатабыз. Максатыбыз – балдардын жүзүнө кубаныч тартуулоо жана Курман айт майрамынын даңазалоо болчу,” — дейт Чынгыз Ишенов. Майрамдык иш-чарада балдарга балмуздак акысыз таратылып, батутта ойноого толук мүмкүнчүлүк берилди. Ал эми калган суусундуктар жана тамак-аштар Чолпон айылынын тургундарынын көмөгү менен уюштурулду. Бул — коомчулуктун биримдигин, ынтымагын дагы бир жолу тастыктаган көрүнүш болду.


Айыл тургундары мындай иш-чаралардын келечекте дагы улантылышын каалашарын билдиришти. Курман айттын урматына уюштурулган бул күн Чолпон айылындагы балдардын жүрөгүндө жылуу эскерүү катары сакталып калары анык.

Элман Адылбеков.