22-май — Эл аралык биологиялык ар түрдүүлүк күнүнө карата Нарын облусунун Кочкор районунда «Жаштар Соң-Көлдү сактап калуу менен келечегибизди түзөбүз» аттуу экологиялык конкурс өткөрүлдү. Иш-чарага мектептердин окуучулары, директорлору, мамлекеттик жана жаратылышты коргоо мекемелеринин өкүлдөрү катышып, Соң-Көлдүн экосистемасын сактоо маселеси көтөрүлдү.
Кочкор районундагы жаштар Эл аралык биологиялык ар түрдүүлүк күнүн Соң-Көлдү коргоого арналган маанилүү иш-чара менен белгилешти. 22-майда өткөн «Жаштар Соң-Көлдү сактап калуу менен келечегибизди түзөбүз» аттуу конкурс табигый мурастарды коргоо боюнча жаш муундардын ойлорун, демилгелерин жана чыгармачылыгын чагылдырды.

Кочкор районунда «Жаштар Соң-Көлдү сактап калуу менен келечегибизди түзөбүз» аттуу экологиялык конкурс өткөрүлдү.
Иш-чараны расмий түрдө Кочкор районунун акими Баялы Досалиев жана конкурстун уюштуруучусу, Туруктуу өнүгүү стратегиясы институтунун менеджери Анара Момунова ачып берип, жаштардын экологиялык демилгелерине колдоо көрсөтүштү. Аким өз сөзүндө жаштардын жаратылышты коргоо жаатындагы активдүүлүгүн жогору баалап, мындан ары да бул иш багыттуу түрдө улантылышы керектигин белгиледи.
Конкурска Кара-Тал Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун өкүлдөрү да катышып, Соң-Көлдүн экологиялык абалы жана коргоо чаралары тууралуу маалымат беришти.
Аталган иш-чарага үч мектеп активдүү катышты:
• Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу Корчубек Акназаров мектеби;
• Сары-Булак айыл өкмөтүндөгү Соң-Көл орто мектеби;
• Ормон-хан айыл өкмөтүнүн Шапак орто мектеби.
Катышуучулар презентация, видеоролик жана “Quiz” викторинасы аркылуу Соң-Көлдү сактоо темасын ар тараптуу чагылдырууга аракет кылышты. Теманы ачууда чыгармачылык, командалык иштөө жана лидерлик жөндөмдөрү байкалды.

«Чолпон» жамааттык медия ыктыярчысы Сезим Токтоматова Соң-Көлдү сактоо темасы боюнча презентация жасап жаткан учур.

Окуучулар Соң-Көл боюнча уюштурулган “Quiz” викторина оюнуна активдүү катышышты
Конкурстун уюштуруучусу Анара Момунова буларга токтолду:
«Бул конкурс жаштардын экологиялык аң-сезимин күчөтүп, лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө багытталган. Презентация жана квиз оюнунда окуучулар теманы терең түшүнүп, активдүүлүгүн көрсөтүштү. Биз үчүн бул багытта иш алып баруу – келечек үчүн маанилүү кадам.»

Конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо учуру
Конкурстун жыйынтыгында төмөнкүдөй жеңүүчүлөр аныкталып, баалуу белектер менен сыйланышты.
• 🥇 1-орун — Корчубек Акназаров мектебинин медиа ыктыярчылары (Чолпон айыл өкмөтү);
• 🥈 2-орун — Соң-Көл орто мектеби (Сары-Булак айыл өкмөтү);
• 🥉 3-орун — Шапак орто мектеби (Ормон-хан айыл өкмөтү).

«Соң-Көл» жамааттык медиа командасы 2-орунду ээледи жана уюштуруучулар тарабынан сыйланды.
«Чолпон» жамааттык медиа ыктыярчылары 1-орунду ээлеп, уюштуруучулар тарабынан баалуу белек менен сыйланышты.
Бул иш-чара жаштардын жаратылышка болгон жоопкерчилигин арттырып, экологиялык билимди тереңдетүүгө жана коомдук активдүүлүктү жогорулатууга багытталган. Уюштуруучулар мындай демилгелерди мындан ары да улуттук деңгээлге чыгаруу максатында уланта турганын белгилешти.
Илима Жумабаева