“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Роза Акназарова Чолпон айылындагы мектепте жолугушуу өткөрдү

21 Март 2025 жыл 18:46
Көрүүлөрдүн саны: 146

Роза Акназарова Кочкор районунун Чолпон айылында атасынын наамынан коюлган мектепке келип, мектептин педагогикалык коллективи жана окуучулары менен жолугушуу өткөрдү. Ал жолугушууда мектепке белек катары «Өмүрдөгү жол» китебин тапшырды. Китепте атасынын өтүп кеткен жолун, анын өмүрүнүн маанилүү учурларын жана жасаган иштери жөнүндө маалыматтар камтылган. Ошондой эле, Роза Акназарова мектепке атасынын урматына музей ачып берүү жөнүндө убада кылды.


Корчубек Акназаров 1972-жылдан 1988-жылга чейин Кочкор районунун Коммунисттик партиясынын биринчи катчысы болуп иштеген. Бул мезгилде ал айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө жана райондун социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга чоң салым кошкон. Анын жетекчилиги астында Кочкор району өнүгүп, жергиликтүү калктын жашоо-шарты жакшырган.
Корчубек Акназаровдун эмгеги жогору бааланып, ага Социалисттик Эмгектин Баатыры наамы ыйгарылган. Анын урматына Чолпон айылындагы орто мектепке анын ысымы берилген.

Кусейин Маратов