“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Чолпон: Нооруз майрамына карата Сармерден оюну өткөрүлдү.

17 Март 2025 жыл 21:51
Көрүүлөрдүн саны: 171

Нооруз майрамына карата Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин 10-классынын окуучулары «Кыз-Жигит Сармердени» оюнуна катышышты. Кыргыз элинин каада-салты, ыр-бийи жана улуттук оюндарын көрсөтүп, кыздар менен жигиттер арасында беттешүүлөр өткөрүлдү. Оюн кыздар менен жигиттердин ортосунда достукту жана биримдикти бекемдеп, тең чыгуу менен аяктады.

Кусейин Маратов.