“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Чолпон айылына кар жаап, кыш келди

14 Ноябрь 2024 жыл 20:53
Көрүүлөрдүн саны: 184

Кочкор районуна караштуу Чолпон айылына 14-ноябрь күнү  каар жаады. Калың каардын жаашы жергиликтүү тургундар үчүн күтүүсүз окуя болду. Мындай көп кар жаабаган аймак болгондуктан, көптөгөн адамдар таң калып жатышты.

Айыл ак карга оролуп, тынчтык жана табияттын кышкы сулуулугуна бөлөндү

Бүгүнкү кар айылды өзгөчө кооздоп, кыштын алгачкы өзгөчөлүктөрүн сезүүгө мүмкүндүк берди. Кар жаап, чөйрө ак түскө боёлуп, тынчтык жана сырткы дүйнөнүн сулуулугу байкалат. Кар жааганда чөйрө жаңыланып, ак түстөгү табигый кооздук көптөрдүн көңүлүн көтөрөт. Кар жаап жаткан учурда аба салкын жана тынч болуп, бул болсо адамдарга стресстен арылып, өздөрүн жакшы сезүүгө шарт түзөт. Кар жаап, балдардын шаңдуу оюндары коштолуп, жакшы маанай тартуулайт.

Кышкы суукка карабастан, балдар көчөдө ойношуп, кубанычтуу мезгилди өткөрүүдө

Ошол эле учурда, кардын айрым кыйынчылыктары да бар: жолдордун жабылышы, муздак аба жана малдар талаага чыга албай калышат. Кочкор өрөөнүндө кышында да мал талаада жайылып келгендиктен, тоют чектелүү жыйналат. Кар жааган учурда тоют коромжу болушу мүмкүн. Бирок, көпчүлүк учурда кардын жаашы элдин маанайын оң жакка өзгөртөт.

Кардын калың түшүшү менен мал талаага чыкпай калды

Аяна Эрланова.