“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Чолпон айыл өкмөтүндөгү айылдарында ишембилик болду

16 Сентябрь 2024 жыл 12:47
Көрүүлөрдүн саны: 63

Кочкор районуна караштуу Чолпон айыл өкмөтүндө, мекеме ишканалардагы жумушчуларга ишембилик болуп өттү. Иш чара 2024-жылдын  14-сентябрында ишемби күнү болду. Ар бир айылдагы мектеп жана бала бакчалардын ишкерлери катышты. 

Эскерте кетсек 2024-жылдын айларында ар бир ишемби күнү мектеп, китепкана жана маданият үйүнүн кызматкерлери ишембиликке чыгышкан. Бул жаңы окуу жылында дагы иш чара токтобостон уланууда. Айылдын көчөлөрүн жана мамлекетке караган аймактардын таштандыларын терип, бак дарактарды актап, куураган же электр торчосуна жолтоо болгон бутактарын кыркышкан. Чогулган таштандыны  Чолпон менен Ара-Көл айылдарыны ортосунда жайгашкан Ак-Бел таштанды төгүүчү жайына төгүштү.

Алтынбек Боогачиев

Чолпон айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Алтынбек Боогачиев Качкынбекович: «Бизде №305-жарлыктын негизинде 14-сентябрда атайын ишембилик өткөрүү боюнча иш чара болуп өттү. Ал эми ишембиликте Чолпон айыл өкмөтүнө караган бүт мекеме ишканаларда иштегендер жалпы чыгышты. Чолпон айыл өкмөтү 10 айылдан турат. Ар кимиси өзүлөрүнө бөлүнгөн жерди тазалады. Мындайча айтканда Борбордук жолду, мекемелердин жанында иштешти. Молдо-Кылычта Төрөгелди баатырдын күмбөзүнүн тегерегине 30 ийне жалбырактуу көчөт отургузулду. Ишембилик дагы 21-сентябрь дагы өткөрүлөт».

«Бүчүр-Таалай» бала бакчасынын ишкерлери ишембилик учурунда

Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин тех. кызматкерлери

Балатылардын түбүн корголоп, отоп. сугарышты

 

Иштин кызуу жүрүп жаткан учуру

Бак дарактардын арасындагы таштандыларды чогултуп жатышат

Чогулган таштанды

 

 

Кусейин Маратов, Акылай Карыпбекова