“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Мектепте жана бала бакчада ремонт иштери жүрүп жатат

15 Август 2024 жыл 17:24
Көрүүлөрдүн саны: 137

Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинде жана “Нур Чолпон” бала бакчасында ремонт иштери жүрүп жатат. Мектептин класстары акталып, сырдалып, ашкананын чатыры алмашылса, бала бакча толук капиталдык ремонттон өтүүдө.


Корчубек Акназаров атындагы орто мектеби капиталдык оңдоо иштерине 2023-жылы капиталдык салымдар беренесинин тизмесине киргизилип, 22 млн(жыйырма эки миллион) сомго долбоор түзүлгөн. Анын ичинен 2024-жылы мектептин чатырын алмаштырууга Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 5,505437( беш миллион беш жүз беш миң төрт жүз отуз жети миң) сомго тендер жарыяланып, 4,896123 (төрт миллион сегиз жүз токсон алты миң бир жүз жыйырма үч) сомго “СК-Нурислам” ЖЧКсы жеңүүчү болду. Азыркы күндө мектептин ашканасынын чатыры алмашылды. Жылдын аягына чейин мектептин чатыры толугу менен алмашылып бүтөт.

Мектеп ашканасынын чатыры алмашты.

“Нур Чолпон” бала бакчасынын имараты 1958-жылы курулган. 1958-жылдан 2019-жылга чейин интернат болуп иштеп келген. “Нур Чолпон” бала бакчасынын жетекчиси Назгүл Асанкожо кызынын айтуусунда 2020-жылдын январь айынан тарта бала бакча болуп, өздүк салым менен майда ремонт иштери жазалып, балдар кабыл алынган. Интернат учурунда жалгыз чатыр жана терезе алмашылган.
Бүгүнкү күндө Айыл өкмөт өздүк салым катарында 2 млн 800 сом которуп «Стим гранддан» 2 млн сом каралып, жалпы 4 млн 800сомго капиталдык ремонт болуп жатат. Ремонт 10-июлда башталган жана августтун 25 де бүтөт. Азыркы учурда потолоктору гипсокартон менен жасалып, стеналары кырылып кайра шыбалды, шпаклёвка тартылып жатат жана каалгалары толук түрдө алмашылат. Ал эми полу паркет менен жасалат. Азыркы учурда сыртына текстура чачылып, оңдоо иштери жүрүүдө. Сентябрдын башында толук түрдө капиталдык ремонт бүтүп, балдарды кабыл алууга даяр болот.

«Нур Чолпон» бала бакчасында капиталдык ремонт жүрүп жатат.

Гүлира Сатарова