“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Нарын областы боюнча “Санарип сабаттуулук” курсунун акыркы группалары окуп жатышат.

21 Июнь 2024 жыл 19:12
Көрүүлөрдүн саны: 77

Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылык колдоосунда жана КР Билим берүү жана илим министрлиги, «EdNet» Билим берүүнүн сапатын камсыздоо агенттиги тарабынан «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында «Санарип сабаттуулук» компоненти ишке ашып жатат. Нарын областы боюнча 8 тренер иштеп, акыркы группаларын окутуп жатышат.

«Санарип сабаттуулук» курсунун жүрүшүнөн көз ирмем

“Санарип сабаттуулук” компонентинин координатору Миргүл Узенованын айтуусунда “Санарип сабаттуулук” курсу 2023-жылынын февраль айында башталган. Бул долбоорго 1200 мектеп тандалган. Биздин уюм түндүк региондорго жооптуу болгондуктан, бизге Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустары жана Бишкек шаары карайт. Пилоттук мектептерде квотага ылайык, мугалимдерден турган группаларды түзүп, окууларды жүргүзүп жатабыз. Бул долбоордун негизги максаты окуу процессинде мугалимдерде санариптик көндүмдөрдү жакшыртуу болуп саналат. Түндүк регион санарип сабаттуулук боюнча 14860 мугалимди окутушубуз керек. Бүгүнкү күндө 70 пайыз мугалимди окутуп бүттүк. Окутуу ушул жылдын аягы менен бүтөт. Окуу гибриддик форматта 4 күн оффлайн жана 4 күн онлайн форматта өтөт. Окутуу эртең мененки саат 9 ден кечки саат 6 га чейин болгондуктан, мугалимдердин тамак-ашы менен окуу куралдары дагы каралган. Окуу учурунда ар бир мугалим атайын сынамык сыноо тапшырышат. Босого баллдан өткөндөргө сертификат берилет”.

“Санарип сабаттуулук” компонентинин координатору Миргүл Узенова курстун тренери Гулира Сатаровадан курс кандай өтүп жаткандыгы жөнүндө маалымат алууда

Санариптик компетенттүүлүк маалыматтык коммуникациялык технологиялар аркылуу окутуу ишин жакшыртуу менен байланышкан. “Санариптик сабаттуулук” курсу мугалимдин санариптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга жардам берет.
Билим берүү процессинде интернет ресурстарды коопсуз жана натыйжалуу пайдаланууну, компьютерлерди, мобилдик түзүлүштөрдү жана булуттук технологияларды колдонууну үйрөнүшөт.
Бул кагазга негизделген окуу ресурстары менен иштөөгө караганда мугалимдин жумушун жеңилдетет.

Мугалимдер курска активдүү катышып, дилгирлик, кызыгуу менен окушту жана алган билимин сабакта колдонуп жатышат.

Сатаркул Исмаилов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин мугалими “Санарип сабаттуулук” курсунун катышуучусу Фарида Калчаева төмөнкудөй оюн билдирди: “Бул курс мугалимдер каникулга чыккан убакта уюштурулганына карабастан, биз активдүү катышып, дилгирлик, кызыгуу менен окудук. Ар кандай интернет ресурстарын колдонуп билим берүүчү викториналарды, оюндарды, тесттерди түзүүнү, презентацияларды жасоону, сабак материалдарын “булутка” жүктөөнү өздөштүрдүк. Бул курстан кийин мугалимдер өзүбүздүн предмет боюнча сабакты жанданта турган, аны кызыктуу жана пайдалуу кыла турган сабакты уюштура алабыз”.

Гулира Сатарова