“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

«Кош бакчам» салтанаты болуп өттү

31 Май 2024 жыл 23:04
Көрүүлөрдүн саны: 202

Кочкор районуна караштуу Чолпон айылындагы «Бүчүр-Таалай» бала бакчасында ортоңку жана жогорку тайпасында «Кош бакчам» аталышындагы иш чара болуп өттү. Анда балдар бала бакчадан үйрөнгөн ыр-бийлерин бийлешип, ата-энелерин кубантышты.

Бүгүн кош майрам белгиленди десек да болот. Себеби жогорку тайпанын балдарын мектепке узатуу салтанаты менен биргеликте 1-июнь балдарды коргоо күнү да майрамдалды. Учурда бул бала бакчанын жогорку тайпасында 30 бөбөк бар. Алардын ичинен 28 бөбөк жаңы окуу жылында мектепке барат.

Бул күнү кош майрам кылышты. Бири бала бакчанын бүтүрүүчүлөрүн узатышса экинчиси 1-июнь «Балдарды коргоо»  күнү да белгиленди

Балдардын бийи

Концерт учурунан бир көрүнүш

«Манас» эпосунан мыкты деңгээлде көрүнүш аткарышты

Экинчи «Жөжө» тайпасы

Жөжө тайпасынын балдардын кыргыз бийи

Жөжө тайпасынын кыздары бийлеп жатышат

 

Акылай Болотбекова