Нарын облусунун, Кочкор районундагы, Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу 10 айылдын баатыр энелерине көңүлдүү кече өткөрүлдү.
Жылда май айынын 3-аптасында уюшула турчу «Энелер күнү» болуп өттү. Бул жылы да энелерге сый көрсөтүшүп, концерттик программаны мыкты деңгээлде алып барышты. Ыр, бий менен чектелбестен интермедия аткарышып апалардын маанайын көтөрүштү.

Алтынбек Боогачиев ырдап жатат
Чолпон айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Алтынбек Боогачиев: «Бүгүн Чолпон айыл өкмөтүндө энелер күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Бул майрамды Чолпон айыл өкмөтү, айылдык кеңеш жана маданият кызматкерлери ошону менен катар куттуктоо үчүн аялдар кенеши жылга уюштуруп келебиз. Иш-чара мыкты денгээлде өттү. Концерттик программаны Ара-Көл маданият кызматкерлери уюштуруп, апаларга жакшынакай маанай тартуулашты. Негизинен айыл өкмөтүндө 146 баатыр эне жана эне даңкын алгандар бар. Бүгүнкү майрамга 92 баатыр энелер келип катышышты. Ар дайым энелерибиз бар болсун. Эли жерибизде токчулук-молчулук болуп, энелер майрамын мындан да мыкты деңгээлде майрамдап жүрө берели».

Наргиза Нурбекова
Наргиза Нурбекова Ара-Көл айылынын маданият кызматкери төмөнкү сөздөргө токтоло кетти: » «Энекем менин бейишим» аттуу темада энелер күнүнө карата чакан концерт тартууладык. Концертке бир жума аралыгында даярдандык. Койгон концертибизди апалар жакшы маанайда көрүшүп, баталарын беришти. Сиздерге кайрылып айтарым ар бир энени даңктап, урматтап, эмгегин жана баалуулугун билип ошону менен бирге бейиш эненин таманын алдында экенин эч качан унутпайлы!» .

Нургүл Рахманова айыл өкмөт Эрнис Макишов менен
Нургүл Рахманкулова Чолпон маданият үйүнүн жетекчиси: «Бүгүн энелер күнү майрамы белгиленди. Апаларыбыз жакшы ыр-күлкүлөргө жана мыкты маанайга ээ болуп кетишти. Эң башкысы энелерибиз аман болуп, элибиз тынчтыкта өмүр сүрүп жана биргеликте жүрө беришсин».

Эрнис Макишов айыл ичиндеги демөөрчү болгон дүкөндөрдүн ээлерине ыраазычылык баракчаларын тапшырууда

Концерт учурунан бир көрүнүш

Алып баруучу Ара-Көл орто мектебинин 9-классынын окуучусу Нуртилек Айтбеков

Ара-Көл орто мектебинин бийчилер тобу

Баатыр энелер

Тамашалуу көрүнүштөр

Апалар алкышын айтып жатышат
Кусейин Маратов