“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

“Progress cup” аталышындагы интелектуалдык оюну болуп өттү

10 Май 2024 жыл 10:54
Көрүүлөрдүн саны: 239

Кыргыз Республикасынын борборунда “Прогресс” коомдук бирикмелер арасында “Progress cup” интелекттуалдык оюну уюшулду. Жеңген командаларга байге фонду 100 000 (жүз мин) сомду түздү.

Прогресс коомдук бирикмесинин төрөгасы Табылды Муратбеков

Республикабызда “Прогресс” коомдук бирикмелери бар. Алар Кочкор Прогресс коомдук фондду, Түп жана Токтогул “Прогресс” коомдук бирикмелери. Жыл сайын аталган райондордун аймактарындагы мектептер арасында интелектуалдык оюндар болуп турат. Жыйынтыгында женген топторго баалуу сыйлыктар берилет. Бул жылы да сынак уюштурулду. Биринчи этабында ар райондун ичинде өткөрүлуп жеңишке жеткен 75 окуучу борборубуз Бишкекте боло турчу финалына катышып келишти.

Прогресс Кочкор коомдук фондунун төрөгасы Умар Туратбеков

Прогресс Кочкор коомдук фондунун төрөгасы Умар Туратбековдун айтуусунда: “7-май күнү “Progress cup” аталышындагы интелектуалдык оюну болуп өттү. Коомдук бирикмелер жайгашкан райондордун борборунда биринчи этабы болуп өттү. Ал жактан женген топтор келишти. Борбордо болгон оюнга 75 окуучу келди. 14 топ катышып анын ичинен 6 команда алдынкы орунга ээ болушту. Баш байгени Токтогулдан келген топ женип алышты. 1 менен 3-орунду Түптөн келген командалар, 2 менен 4-орунду Токтогулдан келген командалар жана 5-орунду Кочкор районунан келген команда ээ болду. Оюн абдан кызыктуу болуп өттү. Мыкты деңгээлде жыйынтыктап алдык. Биздин негизги максатыбыз район ичиндеги мектептердеги окуучулардын ынтымагын бекемдөө жана интелектуалдык дарементин өнүктүрүү. Жалпы байге фонду 100 000 (жүз мин) сомду түздү. Таймаш инновациялык борборунда өткөрүлдү”.

Кочкор районундагы Ара-Көл орто мектебинин окуучусу Нуртилек Айтбеков

“Биз “Жаратман” атту тобубуз менен “Progress cup” аталышындагы интелектуалдык оюнуна бардык. Биринчи Кочкор районундагы болгон таймашта 1-орунду алып борбордук турга жолдомо жеңип алганбыз. 6-май күну барганда бизге “Ала-Тоо” жана “Манас Ата-Түрк” университеттерине экскурция кылдык. Андан соң кинотеатрга барып кино көрүп, жатаканага жөнөдүк. Бардыгы бизге жакты, убактыбыз кызыктуу өттү. Эртеси аталган сынакка катыштык”-деди Кочкор районундагы Ара-Көл орто мектебинин окуучусу Нуртилек Айтбеков.

Ара-Көл орто мектебинин «Жаратман» тобу

Жалпы 75 окуучу сынакка катышты

Катышкан ар бир окуучу сыйлыктарга ээ болушту

Катышуучулар экскурция учурунда

Баш байген Токтогул районунан келген команда 25 000 (беш мин) сом утуп алышты

 

Кусейин Марат уулу, Эрмек Жумабеков