6-май күнү Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде «Өзүңдү окуу» аттуу китебинин негизинде сынак болуп өттү. Ал сынакка 8-класстан баштап 11-класстардын окуучулары катышышты.

Колдошбек Мадмуратов
Адеп башаты Нарын диний уюмунун Кочкор өкүлчүлүгү Колдошбек Мадмуратов төмөнкү сөздөргө токтоло кетти: Нарын диний уюмунун өкүлчүлүгү Кочкор району боюнча жылдын башында китеп окуу сынагын жарыялаган. Бүгүнкү күндө китеп окуу сынагынын акыркы сынагы болуп жатат. Окуучулар менен жана жалпы журтчулук менен агартуу тармагында жакшы бир иш чара болуп өттү деп айтсам да болот. Өзгөчө бизди кубандырган нерсе бул сынак биология сабагына тиешелүү болгон «Өзүңдү окуу» деген китептен болуп өттү. Сынактын максаты бул биринчиден өзүңдүн билимиңди сынап көрүү жана адамдын түзүлүшүн үйрөнүү. Ошону менен бирге китеп бир тараптуу эле болбостон, диний ишеним көз карашына да көбүрөөк басым жасалган. Мен жалпы окурмандарга «Өзүңдү окуу» китебин окуп, дене түшүлүштөрү жөнүндө дагы кененирээк маалымат алышса деп сунуштайм.

Адил Жумаалы уулу
Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин тарбия иштеринин уюштуруучусу Адил Жумаалы уулу
Бүгүн бизде Нарын диний уюму уюштурган акыркы китеп окуу сынагы болуп өттү. Сынак «Өзүңдү окуу» деген китептин негизинде болгон. Китеп көбүнчө чоң класстарга ылайыктуу жөнөкөй тилде жазылган экен. Окуучулар 1 ай аралыгында окуп даярданышты. Ал эми бүгүн жыйынтыгы чыгып, мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтүштү. Китеп окуу сынагынын башка сынактардан айырмасы болуп бул мээге чабуул жасап, эс тутумду жакшыртып жана ар тараптуу ойлонууга жардам берди десек да болот. Албетте, ар бир жыйынтык ийгиликтүү өтүп, жакшы жетишкендиктерге жетишип жатабыз.

Сынактын жеңүүчүлөрү

Окуучулар «Өзүндү оку» китебинин негизинде тест тапшырышты

Асема Сүйүндүкова