2-майда Чолпон айыл аймагындагы мектептер арасында Микс-волейбол боюнча спорттук мелдеш уюштурулду. Мелдеш «Ара-Көл» жалпы орто билим берүүчү мектебинде өтүп, оюнга 8 команда катышты.
Ара-Көл жалпы орто билим берүүчү мектебинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылы 29-январындагы №1 жарлыгына ылайык “Инсандын руханий-адеп ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жана “Биринчи май эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнүнө” карата Чолпон айыл аймагындагы мектеп аралык мугалимдер арасында волейбол оюнунун Микс версиясы боюнча мелдеш болуп өттү. Бул мелдешке Корчубек Акназаров атындагы, Жунушалы кызы Сайнап атындагы, Убайдылда Малтабаров атындагы, Абдулла Качыбеков атындагы, Асыранбек Мааткеримов атындагы, Ара-Көл жана Ак –Чий жалпы орто билим берүүчү мектебинин мугалимдери катышышты.

Оюндун максаты ден соолукту чыңдоо, биримдикке жана ынтымактыкка чакыруу, мектептерде волейбол оюнун өнүктүрүү жана жайылтуу болгон.
Жыйынтыгында 1-орунду Убайдылда Малтабаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектеби, 2-орунду Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектеби, 3-орунду «Ара-Көл» жалпы орто билим берүүчү мектеби ээ болду. Сыйлык тапшыруу аземи Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынчтыкбек Турсуналиевдин катышуусунда болду.

Оюндун соңунда жеңүүчүлөр сыйланышты

Волейбол оюну Ара-Көл мектеби тарабынан жогорку деңгээлде уюштурулуп өткөрүлдү
Айтолкун Үсөйүнова