Кочкор районунун Чолпон айылында волейбол оюну болуп өттү. Бул оюн 1979-жылы туулган жеке ишкер, айылдын көрүнүктүү адамдарынын бири Алтынбек Чыналиевдин жаркын элесине арналып, анын классташтары тарабынан уюшулду.

Алтынбек Чыналиев
Чолпондон чыккан атактуу бизнесмен Алтынбек Чыналиевдин жаркын элесине арналып, волейбол оюну уюштурулду. Оюн Кочкор району боюнча болду. Алтынбек 1979-жылы Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында жарык дүйнөгө келип, Чолпон орто мектебин аяктаган.

Атайбек Сатыбалдиев
Чолпон айылынын тургуну Атайбек Сатыбалдыев бул тууралуу төмөнкүлөрдү айтты: «Оюнга жалпысынан 16 команда катышып, 4 залга бөлүндү. 16 команданын ичинен жарым финалга 4 команда чыкты. Алар: «Орток» , «Эпкин» , «Кызыл-Дөбө» , «Кочкор-Ата». Андан соң финалга Орток жана «Эпкин» командасы чыгып, Эпкин командасы биринчиликти өзүнө багындырды. Командаларга акчалай сыйлыктар, медалдар жана кубок тапшырылды. Ошону менен биргеликте жакшы ойногон оюнчуларга да акчалай сыйлыктар жана медалдар ыйгарылды. Бир гана топ эле уюштурулбастан Алтынбектин туугандарын, жакындарын жана топ оюнчуларын чакырып, кафеге куран окуттук. Кафеге жалпысынан 300 кишиден ашык келди. Аманчылык болсо, кийинки жылы дагы өткөрөбүз деген ниетибиз бар».
Акылай Карыпбекова