Кочкор районундагы, Чолпон айылындагы «Бүчүр-Таалай» жана «Нур-Чолпон» бала бакчаларында «Келечекке билим берүү» долбоорунун алкагында 3 сааттык окутуу бала бакчасы ачылды. Бул долбоордун негизинде жалпы республика боюнча 500гө жакын бала бакча ачылган.

Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Асел Бостонкулова
Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Асел Бостонкулова: «Бүгүн Чолпон айылында жайгашкан «Бүчүр-Таалай» бала бакчасында «Келечекке билим берүү» долбоорунун алкагында 3 сааттык окутуу бала бакчасы ачылды. Бул долбоордун негизинде жалпы республика боюнча 500гө жакын бала бакча ачылып, жеке эле бала бакчалар эмес, мектеп мугалимдери дагы өз билимдерин тереңдетип окушкан. Мындан тышкары электрондук китепканалар, STEM кабинеттери үчүн атайын электрондук каражаттар, проректорлор, компютерлер алынып келинген. Бул программанын жардамы менен бала бакчага келбей жаткан, үйдө тарбияланып жаткан балдар үчүн жакшы шарт түзүлдү. Жалпы «Бүчүр-Таалай» бала бакчасынын жалпы жамаатына бүгүнкү 3 сааттык бала бакчасынын ачылышы менен терең куттуктайм. Балдардын келечеги кең болсун, ушул жерден татыктуу тарбия алып, мыкты уул-кыздардан болушуна тилектешмин».

«Бүчүр-Таалай» бакчасынын директору Назира Жусупова Бактилековна:
«Бүчүр-Таалай» бакчасынын директору Назира Жусупова Бактилековна: «Буйруса ушул 2024-жылдын 16-апрели менен бизде «Келечек билим берүү» долбоорунун алкагында кыска мөөнөттөгү бала бакча ачылды. Бул долбоордун негизи максаты — балдарды тарбиялап окутуу. Бул жерде балдар уктабайт, тамак ичпейт жөн гана келип ушул жерден тарбия, билим алып кетишет. Башка айылдарда да жер-жерлерде ачылып жатат. Эми ушундай бала бакчалар көбүрөөк болсо, балдарыбыз бала бакчага көбүрөөк келип, тарбияланат деген ойдобуз».

Бөбөктөрдун биринчи күнү кызыктуу отүүдө


Тарбиячылар менен кичинекей бөбөктөр ойноп жатат

Ачылышта онлайн сабак болду. Сабакта жогоруда айтылгандай балдар үчүн уюшулган 3 сааттык окуу боюнча айтылды

Ошондой эле бала бакчага душ, ажаткана кол жуучу жайы менен камсыздалды


Кичинекей балдар үчүн ылайыкталган ажаткана


Ата-энелер балдары менен

Кусейин Маратов