“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Ара-Көл мектебинде райондук семинар болуп өттү

23 Март 2024 жыл 10:03
Көрүүлөрдүн саны: 74

Ара-Көл жалпы орто билим берүүчү мектебинде «Окуу керемет» долбоорунун негизинде семинар болуп өттү.

Ара-Көл орто мектебинин жалпы жааматы

Ага Кочкор районунун ар бир мектебинен жалпы 43 мугалим келип катышты жана Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнөн өкүлдөр келишти, семинарды мектеп директору Айдаркулов Рысбек Тургунбекович сөз сүйлөп ачып берди. Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгынын негизинде улуттук наркты жана Нооруз майрамын чагылдырып окуучулардын жана жалпы мектеп жамаатынын 1-2- көшөгөдөн турган кыргыздын улуттук оюн, ыр, каада салттарын чагылдырышты.

Иш чара райондук билим берүү тарабынан Ара-Көл жалпы орто билим берүүчү мектебине берилип, 15-март күнү өткөзүлдү. Концерт улуттук кийимдер, улуттук жасалгалар, улуттук оюндар менен коштолду. Андан соң мугалимдерге билеттер таратылып билим дүйнөсүнө саякатка класстарга бөлүнүштү. Долбоордун негизинде ачык сабактарды 1-класстын мугалими Кумар Макмутова, 2-класстын мугалими Гүлмира Койлубаева, 3-класстын мугалими Насира Ибраимиова, 4- класстын мугалими Айжан Дөөлөталиева өтүштү. Андан соң 1-4-класстардын «Окуу керемет» аттуу башталгыч класстардын концерти болду. Семинарды жыйынтыктоо актовый залда болуп, келген меймандар өз ой пикирин, каалоо тилек сунуштарын айтышып,  жалпысынан эң мыкты деген бааларды беришип жыйынтыкталды.

Келген коноктор үчүн ар кандай иш чаралар болду

Иш чарадан бир көрүнүш

Нуртилек Айтбеков