Нарын облусунын, Кочкор районуна караштуу, Чолпон айылында жолбун иттерди (кароосуз калган) атышты.
Көчөдөгү кароолсуз иттерден көп оору жугат. Алар ар кайсы жерде жүрүшүп ар кандай таштандылардан тамак жейт. Эгер алар бакчада өсүп турса өсүмдүктөрдүн топурагына зандаса, жер-жемиштерди биз жуубай жеп, ар кандай жугуштуу оорулар жугушу ыктымал.

Айзада Касымова
Үй бүлөлүк дарыгерлер тобу №6 башкы медайымы Айзада Касымова: «Көчөдөгү иттер кутурма оорусу менен ооруп адамды тиштеп алса жугат. Ошол иттерге атайын даярдалган даарылары болот. Даарыларды иттерге жедирип, сайдырсак биз алардан инфекция ала албайбыз».

Айыл тургуну Чыңгыз Ишенов
Чыңгыз Ишенов, айыл тургуну: «Бул көчөдөгү ээси жок же ээси бар, бирок кароосуз калган, тамак бербей карабай коё берип жиберген иттерди жолбун иттер деп аташат. Бул иттер таштандылардан абдан ыплас жерлерден тамактанышат. Жолбун иттердин адамдарга зыяны: бул иттерде жугуштуу оорулар, мите курттар болот. Ошондой эле «Кутурма» оорулары менен оорушат. Кутурма оорулар иттерде көп кездешет. Алар иттен малга жана адамга жугат. Эгерде малга жукса анда аягы өлүм менен бүтөт. Ошондой эле адамга жуга турган болсо анда адам даарыларга чалдыгып, көп каражат кетирет. Ал эми кыш мезгилинде санитар уюшулат айыл өкмөт жактан ошондо гана иттерди атып өлтүрүшөт. Эгерде адам ит багам десе иттин милдетин алышы керек. Мисалы итке өз убагында тамак берип, аны болсо ветеринарга көрсөтүп кам көрүш керек».

Көчөдөгү иттер
Чолпон айылынын мал доктуру Нурдос Сагындыков: “Ички паразит ооруларына каршы 1 жылда 4 мезгилде ар биринде бир жолудан таблетка берип туруу керек. Таблетканы бергенден кийин 3күн бошотпой байлаш керек. Ал эми бул таблеткалар берилбей калса паразиттерди чөптөргө, сууга, ар кандай жерлерге заңдоо аркылуу таштап кетишет. Анан аны малдар жеп, ичишкенде өпкөсүнө, ичегилерине жабышып алып ошол жерден өрчүйт. Биз адамдар малды союп жегенде көбүнчө өпкөсүнөн эхинококкоз, альвеококкоз деген ооруларды жугузуп алышат. Кыргызстанда бул ооруларды хирургиялык жол менен дарылоого мүмкүн эмес. Ошондуктан чет өлкөлөргө барып даарыланып келүүгө туура келет. Көбүнчө оорулар жолбун иттерден жугат. Алар ачка болгондуктан таштандылардан, ар кандай жаман жерлерден тамактанышат. Чолпон айыл өкмөтүнөн Узун-Булак айылынан бөлөк 9 айылдын иттерин аттык. Жалпы 147 ит 4 мышык атылды. Иттер өздөрү оорубайт, алар ооруну таратуучу болот. Негизи итти эреже боюнча эртең мененки саат 6 дан кечки 11 ге чейин байлап багыш керек”.

Иттер өзүлөрү оорубастан, ооруну алып жүрүп адамдарга таратат
Аяна Эрланова, Амина Кубанычова