“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Олимпиададан 1-орунду алган окуучу

28 Январь 2024 жыл 16:07
Көрүүлөрдүн саны: 111

Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин 10б классынын окуучусу Акылай Болотбекова райондук олимпиада да 1-орунга ээ болуп, l даражадагы диплом менен сыйланды.

18-19-январь күндөрү райондук олимпиада болуп өттү. Ага 35 мектептин окуучулары тандоо сабактары менен катышып, өзүлөрүнүн билим деңгээлин көрсөтө алышты. 26-январь күнү Кочкор районуна караштуу Нинакан Жүндүбаева мектебинде олимпиададан орун алган окуучуларды сыйлоо аземи болду. Аларды Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынчтык Турсуналиев куттуктоо сөзүн сүйлөп, диплом менен сыйлады. Ошондой эле l,ll орунду алган окуучулар облустук турга жолдомо алышты.

Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынчтык Турсуналиев, Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин окуучусу Акылай Болотбекова

l даражадагы диплом

Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин 10б классынын окуучусу Акылай Болотбекова

Аылай Болотбекова: «Мен 8-класстан бери кыргыз тили жана адабияты сабагынан предметтик олимпиадага катышып келем. Ал эми быйылкы олимпиадада биринчи орунга ээ болуп, облусттук турга жолдомо алдым. Бул ийгиликтин бирден бир себеби, албетте, мени даярдаган мугалимим жана ата-энем болду. Эжей ар тараптан багыт берип окутуп, ата-энем болсо ар дайым колдоду. Даярданып жатып өзүмдүн алсыз жактарым менен көбүрөөк иштегенге аракет кылуу менен ар кандай окууларды окуп жаттым. Негизинен биринчиликти алам деп анчалык ишенбедим. Бирок мугалимимдин жардамы менен талыкпай билим алуунун натыйжасында бул ийгиликке жеттим десем жаңылышпайм. Буюрса кийинки турга дагы жакшы даярдык менен барам деген ишеничтемин. Ошондой эле облусттук турга өткөн бардык окуучуларга ийгилик каалайм».

Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Назгүл Ишенбаева

Назгүл Ишенбаева: «Акылай 8-класстан бери олимпиадага катышып келет. Быйыл 3-жылы катышып жатат десем жаңылышпайм. Акылай өзү тырышчаак, жооптуу жана шыктуу. Ошондой эле мугалим тараптан берилген тапшырманы ашыгы менен аткарат. Кыргыз тилин эле эмес, бардык сабактарды эң мыкты окуйт. Бул кызды мен ар тараптан өнүккөн десем да болот. Жамааттык медиада өзүнүн жетишкендиктерин көрсөтө алды. Окуучунун өз кызыгуусу менен олимпиадага даярдасак, жакшы жетишкендиктерге ээ болобуз деп айтсам болот».

 

 

Асема Сүйүндүкова