“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Окуучуларды китеп окуусуна кандай иш чаралар болууда?

28 Январь 2024 жыл 16:42
Көрүүлөрдүн саны: 180

Кочкор районундагы Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин окуучуларына китеп окуу боюнча сынак болуп өттү.

Аталган мектепте 26-январь күнү саат 10:00дө «Бир өлкөнүн өнүгүү сырлары» аттуу китеп боюнча тест болду. Ага 46 окуучу катышып 5 окуучу акчалай белек утуп алышты. Бул конкурс дагы уланып жатат. Кийинки сынакта «Том байкенин кепеси» аталыштагы китепке мектеп окуучулары даярданышып, болуп өткөндөй тест болот.

Окуучуларга адеп-ахлак, тарбия, таза кулк мүнөз тууралуу семинарларды өтүп турушат. Ошондой эле алар менен биргеликте бир айдын ичинде бир китепти окуп бүтүрүү планы менен иш кылышат. Ошол пландын алкагында Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебине келишти.

 

Жыйынтыгында беш окуучу акчалай белектер менен сыйланды

«Адеп башаты» диний уюмунан келген Колдошбек Матмуратов

«Адеп башаты» диний уюмунан келген Колдошбек Матмуратов: «Биз «Бир өлкөнүн өнүгүү сырлары» аттуу китепти окудук. Бул китепти тандап алуубуздун себеби, жаш муундарыбыздын дүйнөлүк деңгээлдеги китептерди окуусуна шарт түзүп, алардын кызыгуусун арттыруу. Бул китепти бир айдын ичинде бүтүрүп, азыркы учурда сынак өткөзүп, жыйынтыгын чыгаруудабыз. Мен үчүн бүгүнкү күн өзгөчө болду десем эч жаңылышпайм. Анткени 5-6-класстын окуучулары да катышып, байгелүү орунга ээ болгондугуна мен абдан кубанып жатам. Ушундай жаш мектеп окуучуларын шыктандырып бул сынакка демөөрчү болгон инсандарга да мен өтө ыраазымын. Алар ушул эле Чолпон айылынын жергиликтүү инсандары. Кээ биринин атын атай кетсек Жакып, Майрамбек, Мундуз, Баатыр деген агаларыбыз. Алар ар дайым биздин келечек муундарыбыз үчүн көп жардам берип колдошот. Дагы алдыда окуучулардын шыктануусуна, кызыгуусуна жана талаптарына жараша кийинки айга дагы «Том байкенин кепеси» аталышындагы китеп алып келдик. Буюрса кийинки айда дагы келип, окуучулар менен талкуулап, сынамык тест уюштуруп кетебиз».

Окуучулар китепти кызыктуу экендигин айтышты

Китептин аталышы

Кийинки айда «Том байкенин кепеси» аттуу китеп менен сынак болот

Жалпы 46 окуучу катышты

Кусейин Марат уулу, Акылай Болотбекова