“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Чет өлкөдө медициналык борбор ачкан Клара Курбанова жана робот жазаган Нурзада Макеева жөнүндө презентация өтүлдү.

28 Декабрь 2023 жыл 20:26
Көрүүлөрдүн саны: 73

Кочкор районунун Чолпон айылынын «Чолпон» жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Гулира Сатарова 9-10-11-классынын окуучуларына презентация жасады. Анда «Соң-Көл» медиа тарабынан жазылган «Новосибирск шаарында ар улутту бириктирип, медициналык борбор ачкан Клара Курбанова» жана «Ак-Талаалык Нурзада Германияда IT тармагында иш алып барат» аталышындагы макалалар көргөзүлдү. Бул макалаларды «Соң-Көл» медиа жетекчиси Бурул Майрамбек кызы даярдаган.

Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин окуучуларына бул презентациянын өткөрүлүшүнүн негизги максаты- чет өлкөлөрдө бир гана кара жумуш менен гана эмес, жеке ишкердик менен да алектенүү мүмкүнчүлүгү бар экенин далилдөө. Мында «Кыргыз-Герман IT» коомунун негиздөөчүлөрүнүн бири, жасалма интеллект боюнча программист-инженер Нурзада Макеева жана Новосибирск шаарында «АнДар» аталышындагы медициналык борбор ачкан Клара Курбанованын ийгиликтери туурасында айтылды.

Чет өлкөдө медициналык борбор ачкан Клара Курбанова жана робот жазаган Нурзада Макеева жөнүндө презентация өтүлдү.

Бул каармандар, алардын жетишкендиктери окуучуларды суктандырды.
«Программист болуу менин келечектеги кыялым. Бул үчүн Нурзада Макеева сыяктуу терең билим алуу менен көптөгөн жетишкендиктерди, ийгиликтерди багындырууну каалайм. Ал бүткөн Кыргыз Мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине тапшырууну чечтим»- деп 9-класстын окуучусу Айткүл Кубанычбекова өз оюн билдирди. Ушундай окуучулардын бири 10-классынын окуучусу Бермет Кенжебек кызы: «Бүгүнкү презентация жеке эле мага эмес бардык окуучуларга таасир тийгизе алды деп ойлойм. Сабакта жеке ишкердик менен алектенген эжелерибиздин жетишкендиктери бизди келечекте кайсыл жакта болбойлу өз кесибибиз менен ийгиликтерди жарата аларыбызга ишендирди»

Акылай Болотбекова.