Нарын облусунун Кочкор районунун Эпкин айылындагы Асыранбек Мааткеримов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде 1 жыл ичинде 3 проект ишке ашып, мектепте оңдоп-түзөө иштери жүрдү. Ал эми башталгыч классынын мугалими Саламат Үсөналиева кароо — сынакка катышып гран прини жеңип келген. Дагы кандай иштер аткарылгандыгы тууралуу мектеп директору Рахат Арпачиева менен болгон маектен окуй аласыздар.
Саламатсызбы? 1 жыл ичинде мектепте кандай иштер аткарылды?
1 жыл ичинде биздин мектепте көптөгөн өзгөрүүлөр болду. Мектептин материалдык базасын чыңдоо иретинде учурда 3 проекттибиз ишке ашып, оңдоп-түзөө жакшыртуу иштери жүрүп жатат. Тактап айтканда “Арис” долбоору менен №1 окуу корпусубуздун ичи-сырты жылууланып, жылытуу системасы алмаштырылып, электр чубалгылары толук мантождоодон өткөрүлүп жатат. Муну капиталдык ремонт деп дагы айтсак болот.

“Арис” долбоору менен №1 окуу корпусубуздун ичи-сырты жылууланып, жылытуу системасы алмаштырылды
Андан тышкары өнүктүрүү фонд тарабынан мектептин тегерегиндеги 720 метр жер аянты оңдолду. Заманбап тосмолор менен тосулуп, иреттелди жана ошондой эле №2 окуу корпусубузда электр жарыктарыбыз толугу менен алмаштырылды. Учурда ал жер жарык корпуска айланды. Алдыда дагы ашканабызды капиталдык ремонттон өткөрсөк деген максатыбыз бар.

— Мектеп ремонт боло электе кандай абалда эле?
№1 окуу корпусубуз 1970-жылы салынган эле андан бери эч кандай мектебибизде ремонт боло элек. Бирок, мурунку окуу жылында Япон Гранды менен 5 жарым миллионго чатыр жана эшик-терезелер толук алмаштырылган. Мурда ал өтө эле эски абалда болчу. Ал эми №2 окуу корпусубуз болсо 1989-жылы салынган экен. Абдан начар кирпич менен салынгандыктан кышкысын өтө чоң көйгөйлөрдү жаратчу.
-Ал эми ремонт бүткөндөн кийин мектеп кандай абалда болду?
№1 окуу корпусубуз азыр толук бүтө элек сырдоо, жылытуу системасын орнотуу иштери гана калды.
-Мектептин ремонту кайсы каражаттын негизинде жасалды?
Негизи мектептердин ремонтторуна каражат Өкмөт тарабынан берилет. Андан тышкары биз мугалимдер жамааты каалообуз менен сапаттуу краскага өзүбүз акча кошуп, мектебибизди ремонттоп алдык.
-Ушул окуу жылында билим берүү тармагында кандай жетишкендиктер болду?
Бул окуу жылында көптөгөн жетишкендиктерге жеттик. Алардын бири 2023-жылы “Апыш Койчумановдун 100 жылдыгына” карата кароо сынак жарыяланган. Ага Асыранбек Мааткеримов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин мугалими Саламат Үсөналиева катышып, гран прини жеңип, күмүш медаль менен сыйланган. “Окуйбуз, жаратабыз, изилдейбиз” атуу республикалык сынактын 5-6-классынын окуучулары арасындагы “Жер шарынын экологиялык ар түрдүүлүгүн сактайлы” багытында “Эң актуалдуу долбоор” номинациясына “Эмгектин жаратылыштагы орду” долбоору ээ болгон.

“Апыш Койчумановдун 100 жылдыгына” карата өткөрүлгөн кароо сынакта Саламат Үсөналиева гран прини жеңген.
-Ошону менен бирге окуучулардын дагы жетишкендиктери тууралуу айта кетсеңиз?
“Zeen education” олимпиадасынын кыргыз тили предметинен 100 балл топтоп Айбийке Туратбекова республика боюнча биринчи орунду ээлеп, алтын медаль, ноутбук менен сыйланды. Ушул эле олимпиададан орус тили багытында 65 балл топтоп Айгерим Чыңгыз кызы коло медалга ээ болду. Бул көрсөткүчтөр билим берүү тармагында чоң жетишкендиктердин бири десем жаңылышайм.
Асылай Медетбекова, Асема Сүйүндүкова.