Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде зордук-зомбулукка каршы иш-чаралар өткөрүлдү. Ошондой эле “Зордук-зомбулукка каршыбыз” деген ураан менен жөө жүрүш өткөрүлүп, балдар арасында волейбол оюну ойнотулду.

Линейка уюштурулуп түшүндүрмө берилди
Мектеп окуучуларына линейка өтүлүп, зордук-зомбулуктун түрлөрү жана ага эмне болуп кабылат, кабылып калса эмне кылыш керек, мына ушулар боюнча атайын доклад окулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Андан тышкары ушул зордук-зомбулук боюнча 8-11-класстардын окуучуларына класс жетекчилери тарбиялык сааттан сабак өтүштү. Ошондой эле жогорку класстын окуучулары менен биргеликте аскерге чейинки даярдык сабагынан берген Бакыт Сабитов жана тарбия иштеринин уюштуруучусу Адил Жумалы уулу болуп айылдын ичине плакаттарды көтөрүп, «Зордук-зомбулукка каршыбыз» деген ураан менен жөө жүрүш жасалды. Мындан тышкары ушул «Зордук-зомбулукка каршы» темасында 8-класстан 11-класска чейинки эркек балдар арасында спорттун волейбол түрү боюнча класстар аралык волейбол оюну уюштурулду.

8-11-класстардын эркек балдарынын арасында топ уюштурулду
Тарбия иштеринин уюштуруучусу Адил Жумаалы уулунун айтуусу боюнча бул убакка чейин бир гана окуучуларга гана эмес ата-энелерге дагы бул тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келген. Алар: Кочкор райондогу мекемелердин жетекчилеринен, Имам Хачим тарабынан, прокуратурадан, социалдык коргоо бөлүмүнөн, билим берүү бөлүмүнөн, райондук администрациясынан дээрлик бардык жактан келип, Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин окуучуларына, ата-энелерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп кетишкен.

Окуучуларга маалымат берилип жатат

«Биз зордук зомбулукка каршыбыз» урааны менен жөө жүрүш жасалды
Кусейин Марат уулу, Акылай Карыпбекова