“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Айылдын көчөлөрүн суу каптады

8 Декабрь 2023 жыл 14:52
Көрүүлөрдүн саны: 54

Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын айрым көчөлөрүн суу каптады. Кээ бир көчөлөрдүн арыктары даяр болбогондуктан, суу үйлөрдү каптап көйгөй жаралды.
Жайында сугатка суу табылбай жаткан. Азыр кереги жок учурда көчөлөрдү каптап, жаш балдар көчөлөрдөн өтө албай, дарбазанын ичи сыртына чейин суу толуп, көйгөй жаралды.

Айрым көчөлөрдү суу каптап кеткен.

Чолпон айылынын тургуну Абас Алкадыров: «Бизде да күнөө бар. Арыгы бар көчөлөрдө суу көчө менен эмес, арык менен эле кетип жатат. Биздин көчөнүн арыгы казыла элек. Көчөнүн өйдө жагындагы  арыкты таза сууда иштеп жаткан техникаларды токтотуп жатышып, жаап салышкан».

Дарбазадан кирип, чыккандан өзгөчө жаш балдар кыйналды

Суу үйлөрдү каптап, көйгөй жаратты

Перизат Бектурсунова, Гулира Сатарова