“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Чолпон айылына тарыхый этнографиялык маданий комплекси курулабы?

22 Ноябрь 2023 жыл 10:37
Көрүүлөрдүн саны: 102

19-ноябрда Ара-Көл айылынын мектебинде илимий конференция болуп өттү. Анда келечекте Чолпон айылынын повороту менен мүрзөсүнүн ортосундагы 20 гектер жерге тарыхый этнографиялык маданий комплекси куруу тууралуу болду.

Талгарбек Балбаков Сатыкеевич

Чолпон айылынын тургуну Талгарбек Балбаков Сатыкеевичтин айтуусу боюнча: «Бул конференцияда Чолпон айылы менен мүрзөнүн ортосундагы 20 гектар жерге айтылуу тарыхый улуу инсан Сопо атанын тарыхый этнографиялык маданий комплекси куруу тууралуу болду. Бул жерлерге келечекте Сопо атанын өзүнүн күмбөзү курулат. Ал эми бул күмбөздүн бийиктиги 5 кабаттуу үйгө барабар болот. Ошондой эле унисерситет, медресе мектеби менен, спорт аянтчасы, жатаканасы менен болгон мектеп да салынат жана 70 илимий кызматкерлерине арналган котедж да курулат деген 500 миллион долларлык смета менен бекилген чоң проект ачылып жатат. Мына ошого биринчиден иштин башаты, ал эми экинчиден Сопо атанын арбагына деп куран окуттук. Бул жакка илимий чөйрөдөгүлөр, археологдор жана Кыргызстан боюнча азык уруусунан өкүлдөрү келишти. Жалпысынан 150 кишинин тегереги болду. Бул проекти Бириккен Араб Эмираттарынын каржылоосу менен келечекте ишке ашат деген ниеттебиз».

Кыргызстандын ар тарабынан азык уруусунун элдери келди

Конференция Ара-Көл орто мектебинде болду

Ар ким өзүнүн оюн айтып жатты

Андан соң Чолпон айылынын тойканасында уланды

Кусейин Марат уулу, Акылай Карыпбекова