Абдулла Качыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектеби «Ырыс алды ынтымак»атту эжей-агайлар арасында мелдеш өткөздү.

Мелдештин башталышы
Абдулла Качыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин соц педогогу Өмүрбек Урматовдун айтуусу боюнча: «Чолпон айыл өкмөтүндө 10 айыл бар. Ошол 10 айылда 8мектептин эжей-агайларынын ынтымак оюну деп, жылда 2жолу ойнотулуп турат.Буга чейин Корчубек Акназаров мектебинде, Ак-Чий орто мектебинде, Асыранбек Мааткеримов мектебинде өтүлсө, бүгүн биз өткөзүп жатабыз.Мелдештин жобосунда 3эжей жана 3агай же тех кызматкерлери деп айтылган.Себеби мектепте тең салмактуулук болсун дедик. Ал эми сыйлыгыбыз 1-орунга кубок, биринчи даражадагы громата жана биринчи даражадагы медалдар ыйгарылат. 2-орунга экинчи даражадагы громата жана экинчи даражадагы медалдар, 3-орунга үчүнчү даражадагы громата жана үчүнчү даражадагы медалдар берилет. Ошондой эле акчалай сыйлыктарыбыз дагы бар. Күчтүүсү жеңсин!».

Оюн учуру
Оюнга негизинен 7команда катышып «а» жана»б» тайпасына бөлүнүштү.»А» тайпасына Асыранбек Мааткеримов мектеби, Кайып Темиров мектеби,Корчубек Акназаров мектеби,Жунушаалы кызы Сайнап мектеби болду.»Б»тайпасына Ара-Көл жалпы билим берүүчү мектеби,Ак-Чий жалпы билим берүүчү мектеби, Абдулла Качыбеков мектеби кирди.Биринчи оюнду Асыранбек Мааткеримов жана Кайып Темиров мектебинин эжей-агайлары баштап, Асыранбек Мааткеримов мектеби жеңип чыкты.Экинчи оюнду Абдулла Качыбеков жана Ак-Чий мектеби ойноп, Абдулла Качыбеков мектеби жеңип алды.Үчүнчү оюнду Корчубек Акназаров жана Жунушаалы кызы Сайнап мектеби ойноп,Корчубек Акназаров мектеби жеңип алды.Төртүнчү оюнда Ара-Көл мектеби жана Ак-Чий мектеби ойноп, Ара-Көл мектеби жеңип алды.Оюндан кийин жалпы мугалимдерге дасторкон даярдалып, ыр ырдалып, жакшы тилектер айтылды.

Кызыктуу убактар

Оюнга кызыккан мугалимдер
Оюндун соңунда Ара-Көл орто мектеби 4-орун, Абдулла Качыбеков мектеби 3-орун, Асыранбек Мааткеримов мектеби 2-орун, Корчубек Акназаров мектеби 1-орунду жеңип алды.

Жеңүүчүлөргө аргалган сыйлыктар
Нуртилек Айтбеков