Кочкор районунун Ара-Көл жалпы орто билим берүүчү мектебинде, башталгыч класстар үчүн ысык тамак бериле башталды.
Бул ысык тамак берилүү ассоциациясын «MERCY CORPS» компаниясы камсыздап жана 4 күнүн мамлекет, 1 күнүн ата-энелер камсыздоодо.

Мектепте ысык тамак берүүнүн себеби: бала мектепте ачка болсо, анын ойлонуусу, ой жүгүртүүсү, сабакка болгон көз карашы жана эстеп калуусу кыйыныраак болот. Мектепте ысык тамак берилсе балдардын аз кандуулугуна каршы күрөшүп, балдардын окууга болгон кызыгуусуна алып келет. Ошондуктан мектепте ысык тамак берилүү себеби абдан зарыл.

Алибек Каипбеков