Кочкор районунун Чолпон айылынын маданият үйүндө жыйын болуп өттү. Ага Жогорку Кеңештин 7 чакырылышынын депутаты Эмил Жамгырчиев келип, бүтүрүүчү класстарга командасы менен биргеликте чыгарган ЖРТга даярдануу китебин акысыз белекке таратып кетти.

Жыйынтын башталышы

Бул жыйын 2023-жылдын 16-ноябрь күнү Чолпон айылында болду. Чолпон айыл өкмөтүнүн мектептеринин 11-класстын окуучуларына ЖРТга даярдануу китебин белекке тартуу кылды. Ошондой эле келген окуучуларга акыл насаатын айтып, дем күч берди. Бул жыйындан кийин бүтүрүүчүлөр ЖРТдөн мыкты көрсөткүч көрсөтүшөрүнө ишеничке ээ болушкандарын айтышты.

Жогорку Кеңештин 7 чыкырылышынын депутаты Эмил Жамгырчиев
Жогорку Кеңештин 7 чыкырылышынын депутаты Эмил Жамгырчиев: «Биздин келгенибиздин максаты балдардын ЖРТга даярдануу деңгээлин көтөрүү. Анткени . Анткени акыркы жылдары Кочкор жана Жумгал райондорунда окуучулардын ЖРТдагы алган баллдары өтө төмөн болуп кетти. Мына ушул максатта биз өзүбүздүн командабыз менен биргеликте анализ жүргүздүк.
Эмне себептен мындай болуп жатат? деген. Бул жакта бир гана мугалимдер күнөөлүү болбош керек. Ошол себептүү биз чогу комплекстүү кадам жасап, мыкты адистерди чогултуп, ушул китепти ойлоп таптык. Бул китептин үстүндө 1 жылдан ашык иштедик. Ал эми мына бүгүнкү күндө окуучуларга натыйжалуу практика жүзүндө жардамы тиет деген ниеттебиз. Ошондой эле бул жер менен гана чектелбестен Республика боюнча китептерди таратып, көптөгөн студенттерибиз грант утуп алышып, чет мамлекеттерде бекер окушуп, азыркы учурда кайтып келишип жумуштарын башташты».

Жыйын учурунан бир көрүнүш

Чолпон айыл өкмөтүндөгү мектептердин бүтүрүүчүлөрү

Окуучуларга ЖРТга даярдануу китебин бекер таратты
Кусейин Марат уулу, Акылай Карыпбекова