Кочкор районунун Ара-Көл жалпы орто билим берүүчү мектебинде, башталгыч класс мугалимдери Насира Ибраимова жана Айжан Дөөлөталиева «Атам, апам жана мен болобуз супер спортсмен» аталышындагы үчүнчү, төртүнчү класстын окуучулары жана ата-энелеринин арасындагы спорттук таймаш уюштурушту.

Таймашты өткөрүүнүн негизги максаты:
Ата-энелер балдарын окутуп, тарбиялоодогу өздөрүн милдеттерин сезип, үй-бүлөдөгү тарбияны жакшыртуу. Үй-бүлөдөгү тарбиянын негизги багыттары дене тарбиясы, акыл- эс тарбиясы, адеп тарбиясы, эмгек тарбиясы, эстетикалык тарбия, ата-энеден алган тарбия негизинде калыптанарын ата-энелер сезишет.

Спорттук таймаш 4 этаптан туруп ага 2команда катышышты. Жыйынтыгында 1-орунду «Ынтымак» командасы, 2-орунду «Биримдик» командасы багындырды. Алар уюштуруучу тобу тарабынан
грамоталар менен сыйланышты.

Назик Майрамбек кызы, Таалай Маратов.