Азыркы учурда Кочкор районуна караштуу Ара-Көл айылындагы ФАПты оңдоо иштери болуп жатат.
Ара-Көл айылындагы ФАПтын медайымы Жыргал Ишенбаеванын айтуусунда: »ФАП 2008-жылдан бери эч кандай оңдоп-түзөөлөр болгон эмес. Бул АРИС программасы менен быйыл акча бөлүнүп берилип оңдолуп-түзөлө баштаган. Бул проектини Максат Дүйшөнбек уулунун салымы аркылуу ишке кирген. ФАПтын ремонтуна 1 миллион 600миң сом бөлүнүп берилди.
Азыркы учурда ФАПтын 50% ы бүтүп, 50%ы калды. Ошондо сырткы жасалгасы бүттү. ФАПтын сырткы жылуулугу бекемделип, шыбалды жана чатыры алмаштырылды. Ал эми ички жасалгасы жаңыдан оңдоло баштады.
Бул долбоор эл үчүн абдан жакшы жана элдин колдоосу абдан керек.»

ФАПтын ремонтуна 1 миллион 600миң сом бөлүнүп берилди.
Максат Дүйшөнбек уулунун айтуусунда: »ФАП АРИС программасы аркылуу оңдоп-түзөлүп башталган. Бул ишке айыл өкмөт тарабынан да акча бөлүнүп берилип, ишке кирди. Азыркы учурда ФАПтын ички жана сырткы иштери ремонттолуп жатат.»
Оңдоп-түзөө иштери быйылкы жылдын 20-сентябрында башталган 15-20 кундон кийин иш соңуна чыгат.

ФАПтын сырткы иштери ремонттолуп жатат.
Айтолкун Үсөйүнова, Сыймык Турарбеков, Айдана Болотбекова