Нарын облусунун Кочкор районундагы айылдарга дебат тууралуу тренинг өтүлдү.

Дебатчылар Кочкор району боюнча 4 мектепке тренинг өтүштү
Дебатчы кыймылы Кочкор айылындагы Нинакан Жүндүбаева, Семиз-Бел айылындагы Арзымкан Бостонов, Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров, Мантыш айылындагы Таалайбек Курткаев мектептерине тренинг өтүштү.
Тренингде Медина Самидинова жана Айпери Болотжан “Эркин ой жүгүртүүнүн куралы-дебат”, “Тил үйрөнүүнүн эффективдүү ыкмалары”, “Креативдүү ой жүгүртүү” темалардын алкагында сүйлөшүп, мектеп окуучуларынын кызыктырган суроолоруна жооп беришти.
“Акылга болгон даабат” кербени “Сорос-Кыргызстан” Фондунун колдоосу менен өттү.

Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебиндеги тренинг

Окуучулар тренингден кийин өздөрүнө көптөгөн дем күч ала алышты
Ынтымак Таштанов