Адамдар телефонго көз каранды болуп, убакыттын кандай өткөнүн билбей калышууда жана даарыгерлердин айтуусунда балдардын ара төрөлүшүнө алып келиши да мүмкүн.
Мурда адамдар гезиттерди, китептерди окушчу бирок замандын талабына ылайык уюлдук телефон алардын ордун ээледи. Азыркы учурда кээ бир адамдар эле гезиттерди окубаса дээрлик жокко эсе. Китептерди онлайн форматта көчүрүп алышып, каалаган жерге чөнтөк телефону менен көтөрүп жүрүшөт. Бирок телефондон окуу адамдын көзүн алып, көрүүсүн начарлатуусу баарыбызга эле маалым.

Калбүбү Кылычбекова
Телефондун зыяндуулугу жөнүндө Калбүбү Кылычбекова төмөнкүлөргө токтоло кетти. «Азыр кичинекей баладан баштап чоң кишиге чейинки адамдарда телефон бар. Телефон биринчиден убакытыбызды алып, экинчиден көрүүбүздү начарлатып жатат. Көбүнчө кош бойлуу аялдар телефонду чөнтөгүнө салып алышат. Ошондон балдарына радиация берилет. Болочокто төрөлө турган балдардын башында киста, суусу ашыгыраак, жүрөгүндө тешик болуп төрөлүп жатышат. Ал эми жаш өспүрүмдөр кечке телефон көрүп, үйдө отура бергендиктен тулку бою туура эмес өсүп, сколиоз болуп, сосуттары ичкерип, баштары көп оорууда.
~Телефонду атайын белгилүү бир убакытка чейин гана көрүү керек
~Уктаарда уюлдук телефонду башка бөлмөгө коюу абзел
~Эшикке чыгып, таза абада сейилдөө, чуркоо ден соолукка пайдалуу
~ Китеп окуу мээге, эс тутумга, ойго чоң көмөк көрсөтөт
~ Телефонду азыраак көрүп, көзүбүздү сактайлы
Бул көйгөйдү кантип чечсек болот?
Мектепте мугалимдер окуучуларды дене тарбия сабагына жакшы катыштырышы керек. Эртен мененки көнүгүүлөрдү жазоо, узундукка чуркоо, секирүү айрыкча кыздарга келечекте эне болууда чоң роль ойнойт. Себеби кийин кош бойлуу болгондо ичтери айрылып кетиши ыктымал. Физикалык кыймыл көп жасалуусу зарыл. Телефонду 1 же 2 саат убакыттай колдонуп, көпчүлүк убакытты кыймыл менен өткөрүңүз. Жатаарда уюлдук телефонду өчүрүп, башка бөлмөгө коюп жатуу менен өзүбүзгө кам көрүү ден соолугубузга жакшы таасирин тийгизет.

Балдарды уюлдук телефондо отуруусун көзөмөлдөө
Асема Сүйүндүкова, Кусейин Марат уулу