“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

№6 ҮДТ ооруканасында бир айлык акция жарыяланды

18 Октябрь 2023 жыл 16:45
Көрүүлөрдүн саны: 69

Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында №6 ҮТД ооруканасында 1-октябрдан тартып 31-октябрга чейин Кыргыз Республикасында аялдарды өзүн-өзү карап, кам көрүү боюнча акция жүрүп жатат.

Оорукананын медайымдары ар бир үйдү үймө-үй кыдырып, 18 жаштан 65 жашка чейинки кыз-келиндерди, аялдарды, апаларды кароодон өткөрүшүп, өзүлөрүнүн ооруларына байланыштуу анализ тапшырууга жөнөтүшүүдө.

Калбүбү Кылычбекова

№6 ҮДТ ооруканасында иштеген медайым Калбүбү Кылычбекова төмөнкүлөргө токтолду: “Чолпон айылында жалпы аялдардын саны 978, ал эми азыркы учурда анын 22% кароодон өткөрүлдү. Бирок ошолордун ичинде коркунучтуу оору менен ооругандар изилдөөдө байкалган жок. Ошондой эле кыз-келиндерге, аялдарга ден-соолугуна кам көрүү боюнча кеңештерди берип жатабыз. Ушул убакка чейин 2 жолу келип кеткен врачтарга көрүнгөндөр да болгондуктан, азыр жалпы Чолпон айылында 90% адам кароодон өттү”.

Мындан сырткары сентябрь айында башталгыч класстан 11-класска чейинки мектеп окуучулары медициналык кароодон өткөрүлгөн. Бул кароодо окуучуларда коркунучтуу оору      байкалган жок. Ал эми алардын ичинен оорукананын учётуна алынгандар өзүн карап, даарыланып жатышат.

Медициналык кароо учуру

 

 

Акылай Карыпбекова