Нарын облусунун Кочкор районунда Ормон Хандын 230 жылдыгына карата Кочкор районундагы стадионду оңдоп түзөп жатышат. Учурда баардык мекемелер ишембиликке чыгып, «Ормон Хан» атындагы сейил бакты көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.

Балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Жаныбек Имангазиевдин айтуусунда 2-октябрда Республикалык денгээлде Ормон Хан атабыздын 230 жылдыгына карата чоң иш чара уюштурулуп жатат. «Буюрса даярдыктар бүтүп калды. Стадионду кайрадан жанылап, ремонттон өткөрүлдү. Отургучтар сырдалды, асфальт төшөлгөнү жатат. Буюрса жакшы чоң маараке болот деп ишенип жатабыз».

Айгерим Болот кызы.