2023-2024-окуу жылына карата Кочкор районуна караштуу Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектеби оңдоп-түзөө иштерин алгылыктуу ишке ашырды. Мектептин терезелери пластик терезелерге алмашылып, жылытуучу системалар орноду.
Кочкор райондук өнүктүрүү фондусунун Байкоочу кеңешинин чечимине ылайык мектептин жылытуучу системасын алмаштыруу боюнча долбоору кабыл алынган. Жана бул долбоор өнүктүрүү фонду жана Чолпон айыл өкмөтүнүн өздүк салымы аркылуу каржыланып жатат.
Ал эми мектептин терезелерин алмаштыруу Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, АРИС уюму аркылуу ишке ашты.
Гулира Сатарова