Жерди тамчылатып сугаруу иштери кандай жүрөт? Эмнелерди сугарса болот?
Кочкор районуна караштуу Ара-Көл айылынын тургуну Медетбек Осмоналиев жерди тамчылатып сугаруу иштери менен алектенип келет.

Медетбек Осмоналиевдин айтуусунда: “өзүмдүн бакчама карагат, кулпунай тигип, техниканын өнүгүшү менен жаңы технологияны орнотуп тамчылатып сугаруу менен өстүргөнгө аракет кылып жатам. Тамчылатып сугаруу үнөмдүү болот экен. Себеби, керектүү жерлер гана сугарылат. Сууну болсо Ара-Көл айылынын көлдүн суусу арык аркылуу келип, бассейнге 3-4 сааттын ичинде толот жана суу 2-3 күнгө жетет.

Суу сиңип кетпөө үчүн плёнка жаткырылган. Эгерде тамчылатма системасын колдонбогондо күнүнө көп көлөмдөгү суу кетип калмак. Тамчылатма системасынан ашкан сууларды кайра бассейнге куябыз.

Огородго 3 түрдөгү 100 түп карагат жана кулпунайдын 3 түрү тигилген. Буйруса бул ишти жаныдан баштап келе жатам, буйруса алмурутту дагы тамчылатма система аркылуу сугара баштайм. Менин бул ишке аралашып калганыма агроном балам түрткү берди.

Тамчылатма суунун карагатка тамчылап аткан көрүнүшү
Айтолкун Үсөйүнова, Назик Майрамбек кызы