“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Өсүмдүктүктү үшүктөн сактоочу жер семирткич

21 Август 2023 жыл 22:37
Көрүүлөрдүн саны: 52

Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын тургуну Кайырбек Кубатбеков глицерол минералдык жер семирткичин 6 жылдан бери колдонуп келген. Быйыл үшүктөн элдин көпчүлүгүнүн алма, өрүк жана башка бактары үшүп кеткендиктен аларды сактап калуу үчүн элдерге бул кеңешти айтат.

Кайырбек Кубатбеков

Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын тургуну Кайырбек Кубатбеков: «Мен 6 жылдан бери глицерол жер семирткичин колдоном. Бирок мен деле жаңы келгенде бул даарыга көп ишене берчү эмесмин. Анан колдонуп көрүп, ушул 6 жылдын ичинде аябай ынандым. Көп кишилерге да сунуштап атам. Туура түшүнгөндөр алып сээп атышат. Бул бардык өсүмдүктөргө себиле берет. Мисалы: арпа, буудай, беде, бакчанын ичиндеги алма бактарга чейин аябай натыйжасын берүүдө. Быйыл биздин айылдагы алма бактын 100%ке жакыны үшүп кетти десем жаңылышпайм. Анан жалгыз ушул менин алма багым калды. Себеби ушул даарынын таасири. Бул үшүккө да байымдуу болот экен. Мындан тышкары кургакчылыкка дагы. Буюрса бардыгы жакшы чыгып атат. Алма бактар мөмө байлап атат. Ал эми бул даары Бишкектен алынып келинет. Баасы литри 600 сом. Биз дагы 600 сомдон эч кандай үстүнөн акча кошпой сатып жатабыз. Быйыл бул даарыны көпчүлүгү колдонуп баштады. Колдонулушу: алма бактарга азот менен борду аралаштырып, каллий, цинк кошулат. Арпа, буудайга азот менен борду аралаштырып беребиз 2 жолу себилет. Бедеге дагы дал ушундай эле. Картошкага болсо 4 жолу себилет. Ал эми жер-жемишке колдон келсе бүчүр байлагандан баштап бере бериш керек. Бул жакшы натыйжа берет жана даамы дагы жакшы эч кандай химикат жок. Мен ушул даарыны колдонуп көрүңүздөр деп сунуштайт элем».

Глицерол минералдык жер семирткич 

Минералдык жер семирткичтин жыйынтыгы менен сакталып калган

Айылдын көбүнүн өрүгү үшүп кеткен

Бедеге себилип жаткан учур. Бир бачогу 200литр болсо ага 2 жарым литр даары аралашылат.

Кусейин Марат уулу, Акылай Карыпбекова