Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Чолпон айылында Кайырбек Черикбаев 8 жылдан бери пескоблок чыгарылып келет. Айыл тургундарына курулуш материалын даяр кылып, андан сырткары 4-5 киши иш менен камсыз болгон.

Мирбек Карыпбеков пескоблок чыгарып жаткан учурда
Мурда айыл тургундары пескоблок алуу үчүн Бишкек шаарына же Кочкор районуна барып алууга туура келсе азыр өз айылынан ала алышат. Бул өз кезегинде акчаны жана убакытты үнөмдөгөнгө жакшы шарт түзөт. Чолпон айылынын тургуну Мирлан Эсенканов 2-3 жыл мурда үйүнүн тегерегине тосмо жасоо үчүн айылдашынын кардары болгон:

“Пескоблок чыгарган жай ачылгандан бери пескоблокту сатып алуу бизге ыңгайлуу болду, анткени Бишкек шаарына барып келиш үчүн көптөгөн каражаттар кетчү. Азыр болсо өзүбүздүн айылдан эле сатып алалабыз. Пескоблоктун формасы жакшы түшкөн, сапаты аябай жакшы.”
Элге керек болгон пескоблокту айылда чыгаруучу чакан жайдын негиздөөчүсү Кайырбек Черикбаев өз айылдаштарын гана эмес коңшу айылдагылар дагы буйрутма берерин айтат:

“Биз пескоблок чыгарып келе жатканыбызга 8 жыл болду. Айылга керектүү аппарат болгондуктан биринчилерден болуп мен алып келгем. Азыр элге кызматыбызды кылып жатабыз. Бул жерде 4-5 киши эмгектенебиз. Айылдын балдары келип иштешет, айлыктарын алышат. Күнүнө 450-550 чейин пескоблок чыгат. Пескоблоктун 6 түрү бар. Айыл тургундары кандай түрүн буйрутма беришсе ошого жараша чыгарабыз. Ар кайсы айылдардан келип сатып алып кетишет. Пескоблокко керектүү материалдарды Бишкек шаарынан алып келебиз.”
Пескоблокту жеке ишкер жаз келгенден тарта күн муздаганга чейин гана чыгара алышат.
Ынтымак Таштанов