Чолпон айыл өкмөтүнүн Узун-Булак айылында суу сактагычтан алыштарга сууну алуу үчүн, суу алуучу курулмалар курулуп жатат. Анын негизги материалдык чыгымдардын баарын Узун-Булак айылынын тургундары камсыз кылышкан.
Кочкор районуна караштуу Узун-Булак айылынын элдери сугат иштери башталганда кыйналчу. Алыштарды суу жеп кетип, суу сактагычтан алыштарга сууну алуу үчүн, суу алуучу курулмаларды куруу зарылчылыгы келип чыккан. Айыл эли 65 000 сом чогултуп, бир көйгөйүн өзүлөрү чечип алышты.
Айыл кеңешинин депутаты Жаңыл Мамбетова: «Узун-Булак айылында жазында элдик жыйын болуп, анда сугат суу маселеси каралды. Сугат иштери башталарда эле кыйналып, кулак байлап, алыштарды суу жеп кетип кыжалат болуп келдик. “БСРден чыккан суунун алыштарга бөлүнчү жерлерине сооружение куруп алсак жакшы болот эле”- деп сүйлөшүп өздүк салым чогултканбыз.
Чогулган акчага алты сооружение даярдалып, экөө жазында сугат башталарда коюлган.
Калган төрт сооруженияга социалдык камсыздоо жана көмөк көрсөтүү башкармалыгына ирригациялык долбоор, айыл өкмөтүнүн соц адиси Самат тарабынан өткөрүлдү. Учурда аз камсыз болгон уй булөөдөн жети бала иштеп жатышат. Иштеген акысына ун, май алышат.
Узун булактык балдардын демилгесине Макебаев Мунарбек колдоо көрсөтүп чогулган акчага керектүү материалдарды сатып келип сооруженияларды жазап берди».

Узун булак айылында суу сактагычтан алыштарга сууну алуу үчүн суу алуучу курулмалар курулуп жатат.
Саламаттыкты сактоо, билим берүү жана маданият боюнча сектор башчы Самат Карыпбаев: «Узун-Булак айылында курулуп жаткан Ичке Кызарт каналына 4 сооружение курулуп жатат. Анын негизги материалдык чыгымдарынын жана керектелүүчү материалдарынын баарын ошол Узун-Булак айлынын тургундары камсыз кылышкан. Жалпы цемент, темирлери, опалубка, андан тышкары таш-кум тартып келүү сыяктуу нөлдөн баштап керектелүүчү каражаттарына 65 миң сом сарпталды. Андан соң сооружениени курууга жумушчу күчтөрү керек болчу. Алардын эмгек акыларын Кочкор райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы аркылуу WFP бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасына өткөрүлүп, эмгек акылары катары ар бир жаран 6 мүшөк ун, 30 литр май алышат. Булардын барын Узун-Булак айлынын элдери каржылашкан. Ал эми бул айылдын эли үчүн, айдоо жерлери бар жарандардын пайдасына болуп жаткандан кийин алар бекер деле жасашмак. Бирок бекер кылдырбастан, алардан кылган эмгегин актоо үчүн WFPнын азык-түлүк программасына долбоор сунуш жаздык. Жумуштун көлөмүнө жараша канча киши иштерин WFP кызматкерлери атайын уюшулган комиссиянын чечими менен аныкташат. Алардын чечими боюнча ал жерге 7 киши тартылган. Алар жумушсуз, көп балалуу же аз камсыз болгон сыяктуу категориядагы жарандардан болушу керек».
Курулушка кеткен материалдык чыгымдарынын баарын Узун-Булак айлынын тургундары камсыз кылышкан.
Гулира Сатарова