Кечээ Кочкор районуна караштуу Көк-Жар айылындагы Турдакун Усубалиев атындагы орто мектебинде Улан Эгизбаевдин жаркын элесин эскерүү иретинде дил баян жазуу конкурсу болуп өттү.
Баарына маалым болгондой Азаттык радиосунда Уланбек Эгизбаев дагы бир кыйла эмгектенген. Ал Кыргызстандагы журналист тармагынан чыгаан өкүлү катары таанымал эле. Ушул иликтөө тармагын жаңы деңгээлге чыгаруу менен катар эле кыргыз тилин байытуу, аны кеңири колдонуу боюнча көп аракет кылчу. Бир топ демилгелерди көтөрүп, ушул жаатта дагы иш алып барды. Тилекке каршы 2018-жылы кырсыктан кийин Улан Эгизбаев бул дүйнө менен коштошкон.
Кабарчынын жаркын элесине арналып Турдакун Усубалиев атындагы орто мектептин 11-класстардын окуучуларына дил баян жазуу конкурсу болуп, дил баян жазуу үчүн 1 саат убакыт берилип, жыйынтыгында 4 окуучу сыйлыктарга ээ болушту.

Бакыт Асанов
Бакыт Асанов Азаттык радиосунун Бишкек бюросунун директорунун милдетин аткаруучусу: «Акыркы 4 жылдан бери «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын директору Венера Жуматаеванын демилгеси менен дал ушул Улан Эгизбаев төрөлүп-өскөн, билим алган Кочкор районунун Көк-Жар мектебинин окуучулары арасында атайын кыргыз тилинде жазылган дил баян сынагы жарыяланып келүүдө. Сынактын негизги максаты Улан Эгизбаевдин айылдаштарынын арасында аты чыгып, эли-жери үчүн жасаган аракеттерин унутта калтырбоо. Сынакта алгач теманы тандап алышып, андан соң ошол тема боюнча дил баяндарды жазышат. Быйылкы сынактын темасы «Мен кандай өлкөдө жашагым келет? Өлкөмдүн келечегин кандай көрөм?». Бул теманы тандап алганыбыздын дагы себеби бар. Улан Эгизбаев да Кыргызстан коррупциясыз өнүгүп, келечеги жаркын болсун деп кыялданар эле. Ал үчүн жөн гана кыялданып койбостон аракет дагы кылчу. Ошол себептүү бүгүн бүтүрүүчүлөрдүн буга болгон көз карашын, ой-толгоолорун билүү максатында келдик».

Турдакун Усубалиев атындагы орто мектебинде Улан Эгизбаевдин атындагы кыргыз тили жана адабияты кабинети бар

Сынак учуру


Жыйынтык чыгарып жаткан кез

Кабарчынын сыйлыктары

Кеңседе баардык сыйлыктары, сүрөттөрү сакталып турат

Сыйлыктарга ээ болгон окуучулар

Бакыт Асанов жеңүүчүлөргө сыйлыктарын тапшырып жатат
Кусейин Марат уулу