“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Роза гүлү жана башка гүлдөрдүн сырын билесизби?

31 Май 2023 жыл 20:45
Көрүүлөрдүн саны: 255

Гүлдөрдү айта кетсек алардын ар бирөө көздүн жоосун алгыдай. Ошолордун ичинен роза гүлү өзгөчө сулуулугу, ар кандай уламыштары менен элдерди кызыктырат.

 

Роза гүлү

Роза гүлү жөнүндө уламыш: Уламышта роза гүлү сүйүүнүн жана сулуулуктун кудайы. Афродита менен деңиз көбүгүнөн пайда болгон деп айтылат. Жаралганда ал ак болгон, бирок кийин Афродита розанын ийнесине колун сайдырып алганда колунун каны гүлгө тамып, ошондон кийин гүлү кызыл түскө айланган. Бул гүл кайраттуулукту жаратат. Ошондуктан бул гүлдөн баатырлар топу түйдүрүп шлемдин астынан кийишкен. Бул гүлдү калкандын бетине ойдуруп коюшкан. Ал эми розалардын желекчелерин баатырлардын жолуна төшөшкөн. Ал кезде орден жок болгондугуна байланыштуу орден ордуна тапшырышкан.

° Гүлдөргө карата пайдалуу кеңештер: Майрамдын көркүн ачкан гүлдөрдү көбүрөөк жашашы үчүн: Роза, хризантема, георгин, гладиолусту вазадагы сууга салаардын алдында түбүнөн 3-4 см кесип таштоо керек.
° Роза, жоогазын, гвоздиканын суусуна шекер сээп коюу керек.
° Гвоздика менен георгинге аспирин таблеткасын салып койсо, узакка чыдайт. 1 литр сууга 1 таблетка.
° Роза менен гвоздиканы эч качан бир ишидке салып же чогуу коюуга болбойт.
° Пионду, 1 гладиолусту, лилиянын гүлү чала ачылганда кесүү керек.
° Ал эми георгинди, хризантеманы, астранын гүлдөрү толук ачылганда гана кесүү керек.
° Гүлдөрдү эртең менен эрте же кечинде күн баткандан кийин гана кесүү керек.
Гүлдөрдүн чечмелеништери: Сиз сүйүктүү адамыңызга гүл бергенде таарынтып албаш үчүн, гүлдөрдүн сырын ачып берейин. Анда эмесе гүлдөрдүн ханышасы болгон роза гүлүнөн баштасам.
Кызыл роза — терең сүйүүнү, ал адамга байланып калганын билдирет.
Кызгылтым роза — жаш селкилердин сулуулугуна суктангандардын сезимин туюнтат.
Ак роза — сулуулукту, тазалыкты туюнтат.
Сары роза — жубайлардын ортосундагы таза сүйүүнү билдирет.
Жалгыз роза — сүйүүнүн символу.

Роза гүлүнүн түрлөрү

Жаңы өсүп жатканы

Үйгө өсө турчу роза гүлдөрү

Бул роза үч өңгө өзгөрөт. Жаңы ачканда күлгүн түстө болсо ачканда дал сүрөттөгүдөй өңгө айланып, бир топ убакыттан кийин ак өңгө ээ болот

Ар дайым сулуулугу менен суктандырат

Бул гүлдү өстүрүү да жеңил эмес

Кызыл түрлөрү

Айчүрөк Сапаркулова