Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын калкынын дээрлик 70% пайызы картошка өстүрүү менен алектенишет. Аба-ырайынын кесепетине байланыштуу быйылкы жылы картошка жылдагыдан кеч айдалды.

Картошка айдоо учурунда

Тракторист Шакиров Айбек төмөндөгүлөргө токтолду:
«Бир нече жылдан бери трактор айдап, элдин кызматын кылып келебиз. Жыл сайын апрель айынын аягынан баштап картошка айдап баштачубуз. Быйыл аба-ырайынын туруксуздугуна байланыштуу картошканы жылдагыдан 1 ай кеч айдап жатабыз».


Картошка айдалып бүттү

Ынтымак Таштанов