“Интеллигенттүүлүк — латын тилинен алынган. Сөзмө-сөз которгондо акылдуу, түшүнгөн, билген, ойлогон — акыл эмгеги көбүнчө татаал чыгармачылык эмгек менен кесип кылып, маданиятты өнүктүргөн жана жайылткан элдин коомдук катмары”- деп аныктама беришкен.

Мугалим кесиби
Туура, акыл эмгеги менен ар нерсени түшүнгөн, татаал чыгармачылык эмгекти кесип кылып, маданиятты өнүктүргөн да, жайылткан да, элге, коомго пайда келтирген элдин катмары эмеспи. Таза, калыс, өз ордун билген, ак эмгек менен жашаган адам.
Ооба, бул мугалим эмей ким? Албетте, мугалим. Эмгекти ичкен ашындай жогору баалаган, иш десе эт бетинен кеткен, түйшүкчүл, билими терең, акылы кенен — мугалим. Мугалим жүкчүл болот турбайбы. Канчалык чарчап — чаалыгып турса да, кабагым — кашым дебестен үйдүн да, бала — бакыранын да, мектептин да жүгүн артынып жүргөнү — жүргөн.
Айтылуу акыныбыз Алыкул Осмоновдун ырдан соккон килеминин бир кичинекей бурчунун бурччасын көтөрүп, элине кызмат кылып келе жаткан мугалим.
Азыркы заманбап айылда — мугалимди интеллигенциянын өкүлү катары таанып, сый- урмат көрсөткөндөр арбын. Ошону менен бирге эле интеллигенцияга татыктуу экендигин көрүп — билип турса да, көрмөксөн — билмексен болгондор да жок эмес.
Айыл элинин келечек муунуна билимин, тарбиясын берип келе жаткан мугалим — айылдын интеллигенциясынын өкүлү. Көрүнгөн тоонун ыраагы жок дегендей ошол өзү окуткан баласын келечектеги интеллигент, кадырлуу инсан катары көрө алат. Бешиктеги баланын бек болоорун ким билсин? Бул да болсо асыл ой, аруу тилек, илгери үмүт эмеспи. Айылдагы интеллигенциянын өкүлдөрүнө мугалимдерден тышкары медиктерди, айыл өкмөтүндө эмгектенген адистерди да киргизет элем. Айталы медиктер, айылдын жашоочуларынын ден соолугуна кам көрүп, ийиктей имерилип турушат. Ал эми айыл өкмөттөгүлөр да, өз ишин билген элге үлгү болуучу адистер. Булар да коомдун күзгүсү. Мындан тышкары айылда интеллигент болбосо да, мыкты адамдар бар экени шексиз. Карапайым дыйкан, малчы, жөн эле уста жана башкалар. Ишке жөндөмдүү дыйкан жер эненин тилин беш колдой билет. Эл — журтка алынган малчы малдын сырын айттырбай билет. Колунан көөрү төгүлгөн уста болсо, темирге тил киргизип, жыгачка жан киргизе алат. Азыркы заманбап айылда дагы бир мактанаарлык нерсе, жаштардын алга сүрүлүп чыгышы. Активдүү жаштар эли үчүн, айылы үчүн, келечек үчүн күйүп — бышып эң бир сонун демилгелүү иштерди алып барышууда.

Повар

Милиция кызматкери

Мугалим

Доктур

Айыл өкмөтү

Коомдук ишмерлер
Айчүрөк Сапаркулова