Алоэ өсүмдүгүнүн курамында пайдалуу заттар көп болгондуктан, баалуу өсүмдүк болуп эсептелет. Ал көптөгөн ооруларга даары болуп, аларды дарылоочу касиетке ээ.
Алоэ
Алоэ өсүмдүгү элдик медицинада дагы кеңири колдонулуп келет. Бул өсүмдүктү 100 жылдык деп да атоого болот. Алоэнин жалбырагындагы заттар теринин картаюсун жайлатуучу касиетке ээ. Ошондой эле беттеги без эткилерди жана бырыштарды айыктырат. Аны үй шартында дагы өстүрүп, керектүү учурларда колдонууга болот. Өсүмдүк үйдө оңой жашайт — бул жөнөкөй жана дайыма кам көрүүнү талап кылбайт. Туура каралса, аны ар кандай ооруларга Кышында алоэни сейрек сугаруу сунушталат, бирок аны жарык, салкын бөлмөдө сактоо керек. Жайында өсүмдүк көп жылуулукту жана жарыкты талап кылат, сугаруу орточо болушу керек.
Алоэ тамак, ашказан, стресс жана аллергияны дарылоодо колдонулат. Анын курамында башка эч бир өсүмдүк сыяктуу көптөгөн витаминдер, минералдар бар. Алоэ ширеси жалпы ашказан -ичеги жолдорунун, кургак учуктун татаал эмес ооруларын дарылоодо бүгүнкү күнгө чейин колдонулуп келүүдө. Алоэ ширеси чоң өлчөмдө ич алдыруучу зат катары иштейт, табитти жогорулатат жана сиңирүүнү жакшыртат.

Жарык күн тийбеген бөлмөдө өсүшү шарт
Ошондой эле анын дагы бир өзгөчөлүгү чачтын түшүүсүнүн алдын алуу. Ал үчүн бир аш кашык бал менен алоэнин ширесин аралаштырып, чай кашык чесноктун ширесин жана жумуртканын сарысын кошуп аралаштыруу керек. Масканы чачка сүйкөп 30 мүнөттөн кийин чачты жылуу суу менен чайкоо абзел.

Акылай Болотбекова