Кочкор районунун Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин тарбия иштеринин уюштуруучусу Адил Жумаалы уулу мектеп окуучуларынан жана ошондой эле бүтүрүүчү класстардан эс алууга чыгууну, кафе же болбосо үйлөргө отуруш жасабоону суранып, төмөнкүлөргө токтоло кетти: «Мектепте окуу жылы аяктап калгандыктан окуучулардын коопсуздук эрежелерин кароо максатында жана министерствонун буйругу менен 25-майдан тартып экзамен бүткөнгө чейин күчөтүлгөн режимде рейт жүргүзүлөт. Ошондой эле укук коргоо кызматкерлеринин дагы атайын буйругу менен түзүлгөн рейти бар экен. Ошол менен биргеликте 25-май күндөн тартып 9-11класстын бүтүрүүчүлөрү акыркы экзамендерин берип, күбөлүк жана аттестат алган күнгө чейин болгон мекемелер, кызматкерлер биригип күчөтүлгөн тартипте рейт жүргүзүлөт. Ошондуктан бүтүрүүчүлөрдөн жана окуучулардан дагы суранып кетет элем.