Окуу мезгили аяктап, окуучулар 3 айга жайкы эс алууга тарашты. Чолпон айылында жайгашкан Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин окуучулары каникулда эмне менен алек болууну каалашат, сурап көрдүк.
Аяна Өзүбекова аты аталган мектепте 8-классты аяктап жатат: «Мен жайкы каникулда убактымды пайдалуу өткөргүм келет. Пландарымда Бишкек шаарына барып, англис тил курстарына жазылып, тил үйрөнүүнү каалайм. Ошондой 3 ай ичинде 7-8 китепти окуп бүтүшүм керек деп максат коюп жатам».

Аяна Өзүбекова
Каналбеков Тилек 9-классты аяктап жатат: «Мен жайкы каникулда көбүнчө ата-энеме жардам берем. Алгач ден-соолугумду чыңдап тоого барып келейин деп жатам. Тил үйрөнүү боюнча китептерди окуйм».

Сарыкова Наргиза
Сарыкова Наргиза: «Жайкы каникулумду жылдагыдан өзгөчө өткөргүм келип жатат. Жайкыга койгон көптөгөн пландарым максаттарым бар, алардын бири англис тилин өздөштүрүү жана өзүн өнүктүрүүгө жардам берген курстарга жазылуу. Негизинен мен китептерди көп окубайм, бирок ушул жайкы каникулду китеп окууга дагы көңүл бөлөйүн деп чечтим. Бардык окуучуларга каникулду өзүнүн каалосундагыдай өткөрүүсүн каалайм».
Алмасбекова Асема: «Менин жайкы каникулум үйдө жана Ысык-Көлдө өтөт. Каникулдун башында мен ата-энеме жардам берем. Жайындагы убакытты текке кетирбестен, ар кандай кружокторго катышам, онлайн китептерди окуйм. Мага көбүнчө Япония жөнүндө китептерди окуган жагат. Себеби Япониянын маданияты, жашоосу, илимий иштери мени абдан кызыктырат.»
Ынтымак Таштанов