Учурда жаштар арасында китеп окуу маданияты күндөн-күнгө өсүүдө. Өспүрүмдөрдүн китепке болгон кызыгуусун арттырууга көбүнчө ата-эне таасир берет.
Чолпон айылынын тургуну Мээрим Касымова балдарынын китепке болгон мамилеси туурасында айтып берди: «Мен китепканадан үйгө китептерди алып келип коем. Өзүм окуп баштаган китептер тууралуу кыздарыма үстүртөн кызыктырыш үчүн айтып берем. Кыздарым дагы ошол китепти окуганга кызыгып башташат. Андан кийин окуган китептери тууралуу сурап, китептеги окуяны талкуулап, талдоо жасайбыз. Учурда биздин коомдо технология, компьютер, уюлдук телефондор абдан актуалдуу болуп жатпайбы. Ошондуктан кыздарымдан керексиз учурларда уюлдук телефондорун алып коем. Негизи балдардын телефондорун ата-эне көзөмөлгө алып, убагы менен колдонгонго үйрөтсө, бала өзүн алаксытыш үчүн деле китеп окуп баштайт деп ойлойм.»

Сүрөттө Мээрим Касымова жолдошу жана кыздары менен

Мээрим Касымованын кыздары учурда кыргыз эл жазуучусу Зуура Сооронбаеванын «Жетимдер» чыгармасын кызыгуу менен окуп жатканын айтты

Таштанов Ынтымак