Учурда ишкердик кылуунун көптөгөн түрлөрү бар. Айылда дагы кичи ишкердик кылган тургундар аз эмес. Алардын бири инкубатордон балапан бастырып чыгарган Мырзагүл Калыева.

Мырзагүл Калыева
4-5 жылдан бери инкубатор бастырып, балапан чыгарып, аларды сатып, үй бүлөсүнө киреше алып келип жаткан Калыева Мырзагүл өз ишин мындайча тааныштырды:
«Каалоочуларга сатып жатам, жумурткасын берип чыгарып бер дегендерге чыгарып берем. Жумурткасы жок келгендерге базар баасында чыгарып бергеним 60 сомдон, жумурткаларын кошо ала келгендерге 40 сомдон. Азыркы учурда кардарларым көбөйүүдө коңшуларыма, айылдын бир тобуна эле чыгарып берип келе жатам. Чыкканын болсо ошол замат светке сала берем. 3-4 күндөн кийин эле ээлерине бере баштайм.
Инкубаторум өзү Российский ушуну алып эмгектенип келе жатам. Инкубатордун ичине 104 жумуртка салынса анын ичинен 20 дай жумурткасы сасыткы же болбосо майып болуп чыгат. Эгерде свет өчүп калса 2 саат ысыгын кармап чыдайт, 2 сааттан өтүп кетсе аккумуляторго саям. Аккумулятор жумурткамды муздатпай бир калыпта кармап берет. Кирешеси болсо, өзүнүн светин өзү жабат, күнүмдүк тамак-аш жана башка нерселерге салымы чоң».

Инкубатордун сырты жана ички көрүнүшү


Инкубатордон жаңы чыккан балапандарды ушинтип жарыкка коёт

Тооктор
Айчүрөк Сапаркулова