“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Балдарды жаркын келечекке шыктандырган мугалим

30 Май 2023 жыл 21:13
Көрүүлөрдүн саны: 87

Ардактуу жана түйшүктүү кесипти аркалаган Нур Акунова.

«Мугалим «- деген сөз өтө жөнөкөй болгону менен бул сөздүн мааниси өтө чоң. Мугалим өзүнүн окуучуларына терең билим берет, турмушка багыт берет, жакшы иштерге шыктандырат. Мына ушундай мугалимдердин бири Нур Акунова. Нурдун ишиндеги ийгиликтерин айтып бүткүс. Алсак 2017-жылыдагы Санжарбек Данияров атындагы фонд уюштурган «Биринчи мугалим» сынагына катышып экинчи орунга ээ болгон. Жеңүүчүнүн байгеси окуучулары менен Бишкек шаарына үч күндүк маданий-маалымат экскурсиясына барып келген. Ушул эле жылы ЮСАИД «Бирге окуйбуз» долбоорунун алкагында уюштурулган мобилдик театрды жетектеп, Кочкор районундагы маданият үйүндө «Алтын уя» опереттасын коюп берген.


Алтын уя опереттасы

Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Нур Акунова

Нур Акунова төмөндөгүлөргө токтоло кетти: «Мугалимдик кесипти мен балачагыман эле каалап, эңсечүмүн. Ошол кыялым бүгүнкү күндө орундалып жатат. Мугалимдик кесип түйшүктүү жана көп эмгекти талап кылат. Эң негизгиси баланы жакшы көрүп, билимиң менен кошо мээримиңди төгүп, өз балаңдай сүйүшүң керек. Окуучулар өздөрүнүн кылык жоругу менен айырмаланып турушат. Мугалимдик кесипти аркалаган мага абдан жагат. Окуучуларды өз балдарымдай эле жакшы көрөм. Мугалимдик кесипти «Ар түйшүктүү, ардактуу кесип» деп айтсам жаңылышпайм. Талыкпаган, үзүрлүү эмгектин артынан бул кесипке ээ болуп отурам».

 

Нуржамал Рыскылова Нур Акунованын коллегасы

Нуржамал Рыскулова: «Нурдун мүнөзү токтоо, адамгерчиликтүү бардык адамдарга бирдей мамиле кылат. Окуучуларга энелик мээримин төгүп сабак өтөт. Ар бир балага көңүл коюп, берилүү менен окутат. Ал адабият жаатында аябагандай шыктуу. Алтын уя операттасын окуучулары менен биргеликте койгон. Ошол нерсе көп эмгекти талап кылган. Нур эч нерсеге карабастан, тажабай ар бир бала менен иштетип мыкты иш алып барган. Окуучуларды образга киргизип, талыкпастан эмгектенген. Нур Акунова эң активдүү мугалимдердин бири».

Нур Акунованын окуучусу Бермет Кенжебек кызы

Бермет Кенжебек кызы: «Нур эжей менин биринчи мугалимим. Ал эң алгач «А» тамгасын жазганды, санаганды үйрөткөн. Нур Акунованы менин «экинчи апам» деп айтсам жаңылышпайм. Себеби, ал мыкты тарбия берип, көптөгөн нерселерге шыктандырып, мен билбеген нерселерди үйрөтүп, кызыктырган. Эч талыкпастан ар бир окуучуга билимин, мээримин төгүп окуткан. Ошол эмгектин акыбети кайтып, бүгүнкү  күндө чоң жетишкендиктерге ээ болуп жатабыз. Мага Нур эжейдин тазалыгы, жоопкерчилүүктүү мамиле кылгандыгы жана назиктиги абдан жагат. Нур Акунова эч кайгырбастан дайыма күлүп, жайнап жүрөт ушундай мүнөздөрүн сыйлайм жана ошондой мүнөзгө ээ болууга аракет кылам. Мени Нур Акуновадай мугалим окутканына чексиз сыймыктанам».

 

Асема Сүйүндүкова