Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында №3 айылдык китепкана бар. Китепкана Чолпон айылы түзүлгөндөн тартып иштеп келет.
Китепкананын башчысы Динара Кадырованын айтымында китепканада учурда 6000ден ашуун китеп бар. Анын 4000 нускасы орус тилинде, ал эми кыргызча китептердин саны 2000ди түзөт.

Сүрөттө китепкана башчысы Динара Кадырова жана китепканага келген окурман


Китепкананын жалпы окурмандарынын саны 600 дөн ашуун. Алардын ичинен 350 окурман башталгыч класстын окуучулары

Бул китепканада кыргыз элинин залкар жазуучуларынын колунан жаралган чыгармалардан тартып, дүйнөлүк классик жазуучулардын чыгармаларын кездештирүүгө болот

Окурмандар китепканадан бардык жанрдагы китептердин түрүн окуй алышат

Айылдык китепкана жыл сайын жаңы китептер менен толукталып турат
Таштанов Ынтымак